КАРАГАТ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРАГАТ</b> (Ribes) – өсүмдүктөрдүн барсылдак­тар тукумундагы көп жылдык бадал. | <b type='title'>КАРАГАТ</b> (Ribes) – өсүмдүктөрдүн барсылдак­тар тукумундагы көп жылдык бадал. Бийиктиги 1,2–2,5 <i>м</i>. Жалбырагы жөнөкөй. Гүлү майда, бир же эки үлүштүү. Жемиши түрдүү түстө, даамы кыч­кыл. 150гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкө­лөрүндө карагатттын жапайы ж-а эгилме 40тай түрү өсөт. Жапайы түрү тоодо, капчыгайда суу бойлорун­да көп кездешет. Карагаттын кеңири таралгандары – кара карагат (R. nigrum L.), кызыл карагат (R.rubrum L.), | ||
бир же эки үлүштүү. Жемиши түрдүү түстө, кыч­кыл. 150гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкө­лөрүндө жапайы ж-а эгилме 40тай түрү өсөт. Жапайы түрү тоодо, капчыгайда суу бойлорун­да көп кездешет. | |||
кара | |||
[[File:КАРАГАТ5.png | thumb | Кызыл карагат.]] | [[File:КАРАГАТ5.png | thumb | Кызыл карагат.]] | ||
сары карагат (R. aureum Purch.). Кыргызстанда негизи­нен кара ж-а кызыл карагат өстүрүлөт. К а р а карагат мөмөсүндө 5–11,08% кант, 2,85–4,0% кислота­лар, 0,26%тей пектин, 0,4% боёк, 0,8% азот­туу заттар, 100–400 <i>мг</i>% С витамини, 500 <i>мг</i>% ке чейин Р витамини, ошондой эле В витамини, А провитамини бар. Гектарынан 4–5 т дан түшүм жыйналат. Карагаттын дарылык касиети да бар. Ысык-Көлгө карагаттын Алтай десерти деген сорту райондоштурулган. Кызыл карагаттын мөмөсүндө 4–10% кант, 2–4%и лимон кислотасы, С витамини (30 <i>мг</i>%ке чейин), бир аз Р витамини, ошондой эле өңдөгүч, боёк, пектин заттар бар. Зыянкечтери: карагат таарыгычтар, өсүмдүк бити, барсылдакчы көпөлөк, жетелөөчү кене ж. б., негизги илдет­тери: антракноз, дат ж. б. | |||
сары | |||
ке чейин Р витамини, | |||
жыйналат. | |||
райондоштурулган. Кызыл | |||
(30 <i>мг</i>%ке чейин), бир аз Р витамини, | |||
өңдөгүч, боёк, пектин заттар бар. Зыянкечтери: | |||
Ад.: <i>Поздняков А. Д.</i> Смородина. М., 1985. | Ад.: <i>Поздняков А. Д.</i> Смородина. М., 1985. | ||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
05:52, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КАРАГАТ (Ribes) – өсүмдүктөрдүн барсылдактар тукумундагы көп жылдык бадал. Бийиктиги 1,2–2,5 м. Жалбырагы жөнөкөй. Гүлү майда, бир же эки үлүштүү. Жемиши түрдүү түстө, даамы кычкыл. 150гө жакын түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө карагатттын жапайы ж-а эгилме 40тай түрү өсөт. Жапайы түрү тоодо, капчыгайда суу бойлорунда көп кездешет. Карагаттын кеңири таралгандары – кара карагат (R. nigrum L.), кызыл карагат (R.rubrum L.),

сары карагат (R. aureum Purch.). Кыргызстанда негизинен кара ж-а кызыл карагат өстүрүлөт. К а р а карагат мөмөсүндө 5–11,08% кант, 2,85–4,0% кислоталар, 0,26%тей пектин, 0,4% боёк, 0,8% азоттуу заттар, 100–400 мг% С витамини, 500 мг% ке чейин Р витамини, ошондой эле В витамини, А провитамини бар. Гектарынан 4–5 т дан түшүм жыйналат. Карагаттын дарылык касиети да бар. Ысык-Көлгө карагаттын Алтай десерти деген сорту райондоштурулган. Кызыл карагаттын мөмөсүндө 4–10% кант, 2–4%и лимон кислотасы, С витамини (30 мг%ке чейин), бир аз Р витамини, ошондой эле өңдөгүч, боёк, пектин заттар бар. Зыянкечтери: карагат таарыгычтар, өсүмдүк бити, барсылдакчы көпөлөк, жетелөөчү кене ж. б., негизги илдеттери: антракноз, дат ж. б.
Ад.: Поздняков А. Д. Смородина. М., 1985.