КЫРГЫЗСТАН КОМПОЗИТОРЛОР СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫРГЫЗСТАН КОМПОЗИТОРЛОР СОЮЗУ</b> – | <b type='title'>КЫРГЫЗСТАН КОМПОЗИТОРЛОР СОЮЗУ</b> – композиторлор менен музыка таануучуларды би­риктирген ыктыярдуу коомдук чыгармачыл уюм. 1939-жылы уюшулган. Негизги милдети – эли­биздин музыкалык маданиятынын ар тараптан өсүшүнө көмөк көрсөтүү менен анын терең идеалдуулугуна жана көркөмдүгүнө көз салуу, музыкалык кадрларды чыгармачылык жактан тарбиялап, алардын кесипкөй чеберчилигинин өсүшүнө жардам көрсөтүү. Кыргызстан композиторлор союзунун иш-аракеттери компози­торлордун жаңы чыгармаларына талкуу уюш­туруп, аны угуучуларга жайылтууга, эмгекчи­лер менен чыгармачылык жолугушууларды өткөрүп, элди эстетикалык жактан тарбиялоого багытталган.<br>Союздун жогорку жетекчи органы – съезд. Ат­каруучу органы – башкарма, ал жылына 1–2 жолу пленум өткөрүп, өзүнүн курамына пленум аралыгында чыгармачылык жана практикалык ишти жетектөөчү секретариатты шайлайт. Кыргызстан композиторлор союзунун өткөн съезддери: 1-съезди, 1948-жылы октябрда, 10-съезди , 2004-жылы июнда өткөн. Кыргызстан композиторлор союзунун Башкармасынын төрагалары – А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, С. Осмонов, С. Субаналиев, К. Асанбаев 2009-жылдан Т. Чо­киев иштеген. | ||
композиторлор | |||
уюм. 1939- | |||
Союздун жогорку жетекчи органы – съезд. Ат­каруучу органы – башкарма, ал жылына 1–2 | |||
жолу пленум өткөрүп, өзүнүн курамына пленум аралыгында | |||
өткөн съезддери: 1-съезди | |||
М. Абдраев, К. Молдобасанов, С. Осмонов, С. Субаналиев, К. Асанбаев 2009-жылдан Т. Чо­киев. | |||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
12:51, 16 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗСТАН КОМПОЗИТОРЛОР СОЮЗУ – композиторлор менен музыка таануучуларды бириктирген ыктыярдуу коомдук чыгармачыл уюм. 1939-жылы уюшулган. Негизги милдети – элибиздин музыкалык маданиятынын ар тараптан өсүшүнө көмөк көрсөтүү менен анын терең идеалдуулугуна жана көркөмдүгүнө көз салуу, музыкалык кадрларды чыгармачылык жактан тарбиялап, алардын кесипкөй чеберчилигинин өсүшүнө жардам көрсөтүү. Кыргызстан композиторлор союзунун иш-аракеттери композиторлордун жаңы чыгармаларына талкуу уюштуруп, аны угуучуларга жайылтууга, эмгекчилер менен чыгармачылык жолугушууларды өткөрүп, элди эстетикалык жактан тарбиялоого багытталган.
Союздун жогорку жетекчи органы – съезд. Аткаруучу органы – башкарма, ал жылына 1–2 жолу пленум өткөрүп, өзүнүн курамына пленум аралыгында чыгармачылык жана практикалык ишти жетектөөчү секретариатты шайлайт. Кыргызстан композиторлор союзунун өткөн съезддери: 1-съезди, 1948-жылы октябрда, 10-съезди , 2004-жылы июнда өткөн. Кыргызстан композиторлор союзунун Башкармасынын төрагалары – А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, С. Осмонов, С. Субаналиев, К. Асанбаев 2009-жылдан Т. Чокиев иштеген.