КЫРГЫЗ УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫРГЫЗ УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ</b> Т. А б д у м о м у н о в а т н | <b type='title'>КЫРГЫЗ УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ</b> Т. А б д у м о м у н о в а т ы н д а – Кырг­ызстандагы эң ири драма театры. 1926-жылы 2-ноябрда кыргыз музыкалык драма студиясы катары ачылган. Театрдын негиздөөчүлөрү: студиянын туңгуч же­текчиси жана режиссёру Н. Н. <i>Елени,</i> студиянын окуучулары А. <i>Куттубаева,</i> К. Эшимбеков, Ш. Түмөнбаев, К. Айбашева, К. Мадемилова, Г. Уразбаева, А. <i>Малдыбаев,</i> А. <i>Куттубаев,</i> М. Ибраев жана башкалар болгон. Cтудияда алгач Н. Еле­ниндин «Молдо Насирдин» (1927), кийин М. Токобаевдин «Кайгылуу Какей» (1927), К. <i>Жантөшевдин</i> «Карачач» (1929), Н. Гогол­дун «Текшерүүчү» (1929), А. Островскийдин «Жок жерден табылган алтын» (1930) пьесала­ры боюнча спектаклдер коюлган. 1930-жылдын 7-ноябрында студия Кыргыз мамлекеттик драма теат­рына айланып, К. Жантөшевдин «Алым менен Мария» пьесасы менен ачылган. 1931-жылы театрга К. Акыев, А. Үсөнбаев, М. Күрөңкөев, А. Бай­батыров, Ш. Термечиков жана башка элдик өнөрпоз­дор кирген. 1936-жылдан театр Кыргыз музыкалык драма театрына, 1941-жылы кайрадан Кыргыз мамлекеттик драма театрына айландырылган. Алгач­кы труппасы Мамлекеттик театр өнөр институтун (ГИТИС) бүтүргөн (1941) улан-­кыздардан (Р. Айдаралиева, И. Абдубачаев, М. Ибраев, Н. Кытаев, А. Cаргалдаев жана башкалар), мурда театрда иштеген актёрлордон (А. Айбашев, Б. Бейшенбаева, А. <i>Боталиев,</i> Б. <i>Кыдыке­ева,</i> Д. <i>Күйүкова,</i> C. <i>Жаманов,</i> C. <i>Күмүшалиева,</i> М. <i>Рыскулов,</i> А. Cарбагышев, Ш. Түмөнбаев, К. Эшимбеков жана башкалар) куралган. Театр «Король Лир» (У. Шекспир) жана «Кедейлик кемтик эмес» (А. Островский) аттуу спектаклдер менен ачылган. | ||
окуучулары А. <i>Куттубаева</i> | |||
Ш. | |||
Г. | |||
М. Ибраев | |||
К. <i>Жантөшевдин</i> «Карачач» (1929) | |||
«Жок жерден табылган алтын» (1930) пьесала­ры | |||
Мария» пьесасы | |||
М. | |||
мурда театрда иштеген актёрлордон (А. | |||
К. Эшимбеков | |||
[[File:КЫРГЫЗ УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ35.png | thumb | none]] | [[File:КЫРГЫЗ УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ35.png | thumb | none]] | ||
Кийин А. Токомбаев, Р. Шүкүрбеков, К. Ма­ликов менен А. Куттубаев, Ф. Шиллер, Б. Жа­киев, Т. Абдумомунов, М. Байжиев, М. Тойбаев, А. Чехов, Л. Толстой, Ж. Cадыков жана башка автор­лордун пьесалары, Ч. Айтматовдун повесттери боюнча спектаклдер коюлган. 1958-жылы театр Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланып, 1971-жылы ака­демиялык наам алган. Театрдын калыптанышы­на жана өсүшүнө режиссёр Ж. <i>Абдыкадыров,</i> М. Наза­ралиев, Б. <i>Ибраев,</i> И. <i>Рыскулов,</i> О. Эркимбае­ва, А. Сарлыкбеков, сүрөтчүлөр Г. Айтиев, А. То­ропов, М. Cыдыкбаев, М. Исхаков, Ю. Нурма­тов, артисттер А. <i>Көбөгөнов,</i> Н. Кытаев, C. Балкыбекова, C. <i>Далбаев,</i> М. <i>Далбаева,</i> Г. <i>Дулато­ва,</i> C. <i>Жумадылов,</i> Ж. <i>Cейдакматова,</i> А. <i>Өмүра­лиев,</i> К. <i>Досумбаев,</i> А. Осмонов, Т. <i>Турсунбае­ва</i>, М. <i>Асанбаев,</i> Д. <i>Байтөбөтов</i>, С. Жунуша­лиева, И. Раимкулова, Ж. Сыдыкбаева, Г. Ка­ниметова, Ш. Касымалиева, Э. Бекболиев жана башка­лардын эмгеги зор. 2002-жылы театрга улуттук макам берилген. 1972-жылдан анын алдында те­атр окуу жайы иштейт. Театрдын директорло­ру: А. В. Октябрев, Р. Тургумбаев, И. Кокеев, А. Нурмамбетов, К. Маликов, К. Бектенов, А. Изибаев, А. Темиралиев, З. Тургумбеков, А. Көбөгөнов, А. Керимбаев, И. Төкөлдөшов, А. Исабеков, Ш. Шаршеев, С. Жумадылов, Т. Ду­латов, А. Абдыкалыков, М. Баялинов, А. Сар­лыкбеков, К. Осмонов, 2010-жылдан М. Алыш­паев эмгектенген. | |||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
10:50, 16 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ Т. А б д у м о м у н о в а т ы н д а – Кыргызстандагы эң ири драма театры. 1926-жылы 2-ноябрда кыргыз музыкалык драма студиясы катары ачылган. Театрдын негиздөөчүлөрү: студиянын туңгуч жетекчиси жана режиссёру Н. Н. Елени, студиянын окуучулары А. Куттубаева, К. Эшимбеков, Ш. Түмөнбаев, К. Айбашева, К. Мадемилова, Г. Уразбаева, А. Малдыбаев, А. Куттубаев, М. Ибраев жана башкалар болгон. Cтудияда алгач Н. Елениндин «Молдо Насирдин» (1927), кийин М. Токобаевдин «Кайгылуу Какей» (1927), К. Жантөшевдин «Карачач» (1929), Н. Гоголдун «Текшерүүчү» (1929), А. Островскийдин «Жок жерден табылган алтын» (1930) пьесалары боюнча спектаклдер коюлган. 1930-жылдын 7-ноябрында студия Кыргыз мамлекеттик драма театрына айланып, К. Жантөшевдин «Алым менен Мария» пьесасы менен ачылган. 1931-жылы театрга К. Акыев, А. Үсөнбаев, М. Күрөңкөев, А. Байбатыров, Ш. Термечиков жана башка элдик өнөрпоздор кирген. 1936-жылдан театр Кыргыз музыкалык драма театрына, 1941-жылы кайрадан Кыргыз мамлекеттик драма театрына айландырылган. Алгачкы труппасы Мамлекеттик театр өнөр институтун (ГИТИС) бүтүргөн (1941) улан-кыздардан (Р. Айдаралиева, И. Абдубачаев, М. Ибраев, Н. Кытаев, А. Cаргалдаев жана башкалар), мурда театрда иштеген актёрлордон (А. Айбашев, Б. Бейшенбаева, А. Боталиев, Б. Кыдыкеева, Д. Күйүкова, C. Жаманов, C. Күмүшалиева, М. Рыскулов, А. Cарбагышев, Ш. Түмөнбаев, К. Эшимбеков жана башкалар) куралган. Театр «Король Лир» (У. Шекспир) жана «Кедейлик кемтик эмес» (А. Островский) аттуу спектаклдер менен ачылган.

Кийин А. Токомбаев, Р. Шүкүрбеков, К. Маликов менен А. Куттубаев, Ф. Шиллер, Б. Жакиев, Т. Абдумомунов, М. Байжиев, М. Тойбаев, А. Чехов, Л. Толстой, Ж. Cадыков жана башка авторлордун пьесалары, Ч. Айтматовдун повесттери боюнча спектаклдер коюлган. 1958-жылы театр Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланып, 1971-жылы академиялык наам алган. Театрдын калыптанышына жана өсүшүнө режиссёр Ж. Абдыкадыров, М. Назаралиев, Б. Ибраев, И. Рыскулов, О. Эркимбаева, А. Сарлыкбеков, сүрөтчүлөр Г. Айтиев, А. Торопов, М. Cыдыкбаев, М. Исхаков, Ю. Нурматов, артисттер А. Көбөгөнов, Н. Кытаев, C. Балкыбекова, C. Далбаев, М. Далбаева, Г. Дулатова, C. Жумадылов, Ж. Cейдакматова, А. Өмүралиев, К. Досумбаев, А. Осмонов, Т. Турсунбаева, М. Асанбаев, Д. Байтөбөтов, С. Жунушалиева, И. Раимкулова, Ж. Сыдыкбаева, Г. Каниметова, Ш. Касымалиева, Э. Бекболиев жана башкалардын эмгеги зор. 2002-жылы театрга улуттук макам берилген. 1972-жылдан анын алдында театр окуу жайы иштейт. Театрдын директорлору: А. В. Октябрев, Р. Тургумбаев, И. Кокеев, А. Нурмамбетов, К. Маликов, К. Бектенов, А. Изибаев, А. Темиралиев, З. Тургумбеков, А. Көбөгөнов, А. Керимбаев, И. Төкөлдөшов, А. Исабеков, Ш. Шаршеев, С. Жумадылов, Т. Дулатов, А. Абдыкалыков, М. Баялинов, А. Сарлыкбеков, К. Осмонов, 2010-жылдан М. Алышпаев эмгектенген.