КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКТОГУЛ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫГЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКТО-ГУЛ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫГЫ</b> – | <b type='title'>КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКТО-ГУЛ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫГЫ</b> – адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууга жана жакындаштырууга чоң салым кошкон, эсте­тикалык жана тарбиялык таасири күчтүү, ошондой эле коомго кеңири таанылган мыкты чыгармалар үчүн эки жылда бир жолу ыйгарылуучу сый­лык. Алгач Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1966-жылдын 20-оябрдагы токтому менен «Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы» болуп бекитилген, кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-январында­гы токтому менен «Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы» болуп өзгөртүлгөн. Мамлекеттик сыйлыкка тарбиялык мааниси мыкты, көркөмдүк баасы жогору чыгармаларды жарат­кан адамдар көрсөтүлөт. Сыйлык жеке адамга, ошондой эле авторлор жамаатына да ыйгарылышы мүмкүн. Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгарма акыр­кы үч жылда, бирок сыйлыкты кезектеги ый­гарууга чейин кеминде бир жыл мурда жарыя­ланган (эл алдында аткарылган, көрсөтүлгөн, курулган) болууга тийиш. Сыйлыкка көрсөтүл­гөн чыгармаларды Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана арх­итектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык­тары боюнча комитет карап, чечим чыгаргандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Президентке бекитүү үчүн жөнөтөт. Мамлекеттик сыйлыкты алган адамдарга «Кыргыз Рес­публикасынын Токтогул атындагы мамлекет­тик сыйлыгынын лауреаты» деген наам менен бир­ге ыйгарылат, акчалай сыйлык, диплом, ардак белги жаеа лауреаттык күбөлүгү тапшырылат. Ардак белги көкүрөктүн оң жагына ордендер менен медалдардын, чет мамлекеттердин бардык ардак белгилеринен өйдө тагылат. | ||
үчүн эки жылда бир жолу ыйгарылуучу сый­лык. Алгач | |||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
10:27, 16 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКТО-ГУЛ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫГЫ – адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууга жана жакындаштырууга чоң салым кошкон, эстетикалык жана тарбиялык таасири күчтүү, ошондой эле коомго кеңири таанылган мыкты чыгармалар үчүн эки жылда бир жолу ыйгарылуучу сыйлык. Алгач Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1966-жылдын 20-оябрдагы токтому менен «Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы» болуп бекитилген, кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-январындагы токтому менен «Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы» болуп өзгөртүлгөн. Мамлекеттик сыйлыкка тарбиялык мааниси мыкты, көркөмдүк баасы жогору чыгармаларды жараткан адамдар көрсөтүлөт. Сыйлык жеке адамга, ошондой эле авторлор жамаатына да ыйгарылышы мүмкүн. Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгарма акыркы үч жылда, бирок сыйлыкты кезектеги ыйгарууга чейин кеминде бир жыл мурда жарыяланган (эл алдында аткарылган, көрсөтүлгөн, курулган) болууга тийиш. Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармаларды Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитет карап, чечим чыгаргандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Президентке бекитүү үчүн жөнөтөт. Мамлекеттик сыйлыкты алган адамдарга «Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам менен бирге ыйгарылат, акчалай сыйлык, диплом, ардак белги жаеа лауреаттык күбөлүгү тапшырылат. Ардак белги көкүрөктүн оң жагына ордендер менен медалдардын, чет мамлекеттердин бардык ардак белгилеринен өйдө тагылат.