КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ</b> – | <b type='title'>КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ</b> – Борбордук Азиядагы ири <i>музейдин</i> бири; 1925-жылы 9-декабрда уюшулуп, <i>Кыргыз автоном советтик социалисттик республикасы Советтеринин 1-уюштуруу съездине</i> карата (5. 3. 1927) ачылган. Алгач М. В. <i>Фрунзе</i> туулуп өскөн үйдүн бир бөлмөсүнө жайгашкан. Музейдин туңгуч директору жана анын этнография бөлүмүн негиздөөчү С. М. <i>Аб­рамзон</i> болгон. 1930-жылдан этнография жана табият таануу боюнча коллекцияларды жыйнап-топтоо маселесине көңүл бурулуп, 1941-жылы А. Н. <i>Берн­штамдын</i> жетекчилиги менен тарых-археологиялык бөлү­мү түзүлгөн. С. <i>Керимбаев</i>, К. <i>Үсөнбаев</i>, К. И. Ан­типина, В. Я. Галицкий жана башка окумуштуу-тарых­чылардын демилгеси менен 1947-жылы музейдин социалисттик курулуш бөлүмү ачылган. Архитектор А. П. Зен­ковдун долбооруна ылайык 1967-жылы музей му­рунку Кыргыз ССРинин Өкмөтү жайгашкан има­ратка көчүрүлгөн. 1973-жылы 28-декабрда 3500 <i>м</i><sup>2 </sup>аянтка (45 зал) Кыргыз Республикасынын жалпы тарыхына байла­ныштуу байыркы <i>палеолит</i> доорунан XX кылымдын 1980-жылдарына чейинки эстеликтер (10 000 түп нускада) коюлуп, илимий мазмуну жана көркөмдөлү­шү боюнча бул экспозиция Борбордук Азия аймагында­гы музейлердин эң мыктысы болуп таанылган. 1991-жылы В. И. Ленин атындагы Борбордук музейдин филиалынын жаңы имараты ыйгарылып, азыр­кы учурда музей фондусу 100 миңге жакын буюмга жетип, анын ичинде 48 миңи өтө маанилүү эсте­лик болуп эсептелет. | ||
<i>музейдин</i> бири; 1925- | |||
[[File:КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ20.png | thumb | none]] | [[File:КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ20.png | thumb | none]] | ||
<i>Саймалуу-Таштагы</i> таш сүрөт көчүрмөсү; <i>коло доору, сак</i> маданиятына таан­дык курал-жарак, турмуш-тиричилик буюмда­ры; Чүй өрөөнүндөгү <i>Шамшы көрүстөнүнөн</i> та­былган алтын буюмдар; байыркы көчмөндөрдүн полихром жасалгалары (биздин замандын I–V-кылымдары), <i>Түрк ка­гандыгына</i> таандык таш жазуулары жана башка ар­хеологиялык жана этнографиялык баалуу коллекция болуп сана­лат. <i>Үркүнгө</i> байланыштуу эстеликтер чогултул­ган. Ошондой эле кыргыз элинин салттык маданиятынын үлгүлөрү болгон саймалар; ала кийиз, шырдак, улуттук кийим-кече ат жабдык жана башкалар бар. Өзгөчө дата, юбилей жана башкаларга карата илимий конференция, көргөзмө­лөр уюштурулат, илимий изилдөө иштери жүргүзү­лөт. 1925–1933-жылдары Кыргызстандын Борбордук музейи, 1933–1943-жылдары Мамлекеттик край таануу музейи, 1943–1954-жылдары Улуттук маданият музейи, 1954-жылдан Мамлекеттик тарых музейи. | |||
полихром жасалгалары ( | |||
үлгүлөрү болгон саймалар; ала кийиз, шырдак, | |||
улуттук кийим-кече ат жабдык | |||
<p align='right'><i type='author'>Ж. Медералиева.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ж. Медералиева.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
07:45, 16 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ – Борбордук Азиядагы ири музейдин бири; 1925-жылы 9-декабрда уюшулуп, Кыргыз автоном советтик социалисттик республикасы Советтеринин 1-уюштуруу съездине карата (5. 3. 1927) ачылган. Алгач М. В. Фрунзе туулуп өскөн үйдүн бир бөлмөсүнө жайгашкан. Музейдин туңгуч директору жана анын этнография бөлүмүн негиздөөчү С. М. Абрамзон болгон. 1930-жылдан этнография жана табият таануу боюнча коллекцияларды жыйнап-топтоо маселесине көңүл бурулуп, 1941-жылы А. Н. Бернштамдын жетекчилиги менен тарых-археологиялык бөлүмү түзүлгөн. С. Керимбаев, К. Үсөнбаев, К. И. Антипина, В. Я. Галицкий жана башка окумуштуу-тарыхчылардын демилгеси менен 1947-жылы музейдин социалисттик курулуш бөлүмү ачылган. Архитектор А. П. Зенковдун долбооруна ылайык 1967-жылы музей мурунку Кыргыз ССРинин Өкмөтү жайгашкан имаратка көчүрүлгөн. 1973-жылы 28-декабрда 3500 м2 аянтка (45 зал) Кыргыз Республикасынын жалпы тарыхына байланыштуу байыркы палеолит доорунан XX кылымдын 1980-жылдарына чейинки эстеликтер (10 000 түп нускада) коюлуп, илимий мазмуну жана көркөмдөлүшү боюнча бул экспозиция Борбордук Азия аймагындагы музейлердин эң мыктысы болуп таанылган. 1991-жылы В. И. Ленин атындагы Борбордук музейдин филиалынын жаңы имараты ыйгарылып, азыркы учурда музей фондусу 100 миңге жакын буюмга жетип, анын ичинде 48 миңи өтө маанилүү эстелик болуп эсептелет.

Саймалуу-Таштагы таш сүрөт көчүрмөсү; коло доору, сак маданиятына таандык курал-жарак, турмуш-тиричилик буюмдары; Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн табылган алтын буюмдар; байыркы көчмөндөрдүн полихром жасалгалары (биздин замандын I–V-кылымдары), Түрк кагандыгына таандык таш жазуулары жана башка археологиялык жана этнографиялык баалуу коллекция болуп саналат. Үркүнгө байланыштуу эстеликтер чогултулган. Ошондой эле кыргыз элинин салттык маданиятынын үлгүлөрү болгон саймалар; ала кийиз, шырдак, улуттук кийим-кече ат жабдык жана башкалар бар. Өзгөчө дата, юбилей жана башкаларга карата илимий конференция, көргөзмөлөр уюштурулат, илимий изилдөө иштери жүргүзүлөт. 1925–1933-жылдары Кыргызстандын Борбордук музейи, 1933–1943-жылдары Мамлекеттик край таануу музейи, 1943–1954-жылдары Улуттук маданият музейи, 1954-жылдан Мамлекеттик тарых музейи.
Ж. Медералиева.