КЛАПРОТ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЛА́ПРОТ</b> Генрих-Юлий (11. 10. 1783, Берлин – | <b type='title'>КЛА́ПРОТ</b> Генрих-Юлий (нем. ''ulius Heinrich Klaproth)'' [11. 10. 1783, Пруссия (азыркы [[Германия]]), [[Берлин]] – 27. 08. 1835, [[Париж]]] – ориенталист, лингвист, синолог, академик (1807). Жаш кезинен чет тилдерге жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, 1801–1802-жылдары Гал­ле университетинен классикалык филология боюнча би­лим алган. Алгачкы эмгеги 1802-жылы «Азия журналына» (Asiatisches Magazin) жарыяланган. [[Россия]]нын Тышкы иштер министрлигинде иштеген поляк Ян Потоцкий аны Вильнюстагы Чыгыш академиясына мугалимдикке сунуштаган. 1805-жылы ал [[Санкт-Петербург]]дагы Императордук Илимдер академиясына азия тилдери боюнча кошумча профессор катары чакырылып, анын чет элдик мүчөлүгүнө шайланган. [[Кытай тили]]не кызыгуусу гимназиядан башталган. Көп өтпөй Россия ИАнын аскер аспирантура­сына (адъюнктантура) чакырылып (1804), Кы­тайга элчиликти коштоп барууга мүмкүнчүлүк алган (1805). Иркутск, Кяхта шаарында [[кыргыз]], [[башкырт]], [[тунгус]], [[якут]]тардын тили, үрп-адаты менен таанышып, анын негизинде сөздүктөрдү түз­гөн жана ал тилдерди классификациялап, моң­гол, манжур тили боюнча [[лингвистика]]лык маалымат жый­наган. Петербургга кайтып келгенде (1807) эк­страординар академик деген наам ыйгарылып, Александр I ага 300 сомдук пенсия чектеген. Рос­сия ИАнын тапшырмасы мененн Кавказда [[этнография]]лык изилдөөлөрдү жүргүзүп (1808), анын негизинде жазган «Aзия адабияты, тарыхы жана сөздүгү боюнча архив» («Archiv fur asiatische Litteratur, Geschichte und Sprachkunde») деген эмгегин [[Француз|фран­цуз]], [[немец]] тилдеринде жарыялаган. 1818-жыл­дан Парижде иштеп, кытай тилинен которууга кошумча түшүндүрмөлөр киргизген. Манжур хрестоматиясын түзгөндүгү үчүн азия тили жана адабияты боюнча профессор наамын алган. Кытай ти­линин кээ бир өзгөчөлүктөрү (адамдардын ысымы, наам-титулдар) тууралуу Н. Я. [[Бичурин (Иакинф)|Би­чурин (Иакинф)]] менен талаш-тартыш жүргүз­гөн. Г-Ю. Клаптроттун эмгектеринен кыргыздар жөнүндө да кеңири маалымат алууга болот. | ||
27. | |||
синолог, академик (1807). Кытай | |||
Ад.: <i>Веселовский Н.</i> Клапрот Ю.-Г. //Русский био­графический словарь (Ибак-Ключарев). СПб., 1897. | |||
Ад.: <i>Веселовский Н.</i> Клапрот Ю.-Г. // Русский био­графический словарь (Ибак-Ключарев). СПб., 1897. | |||
<p align='right'><i type='author'>Э. Турганбаев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Э. Турганбаев.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
07:43, 15 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЛА́ПРОТ Генрих-Юлий (нем. ulius Heinrich Klaproth) [11. 10. 1783, Пруссия (азыркы Германия), Берлин – 27. 08. 1835, Париж] – ориенталист, лингвист, синолог, академик (1807). Жаш кезинен чет тилдерге жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, 1801–1802-жылдары Галле университетинен классикалык филология боюнча билим алган. Алгачкы эмгеги 1802-жылы «Азия журналына» (Asiatisches Magazin) жарыяланган. Россиянын Тышкы иштер министрлигинде иштеген поляк Ян Потоцкий аны Вильнюстагы Чыгыш академиясына мугалимдикке сунуштаган. 1805-жылы ал Санкт-Петербургдагы Императордук Илимдер академиясына азия тилдери боюнча кошумча профессор катары чакырылып, анын чет элдик мүчөлүгүнө шайланган. Кытай тилине кызыгуусу гимназиядан башталган. Көп өтпөй Россия ИАнын аскер аспирантурасына (адъюнктантура) чакырылып (1804), Кытайга элчиликти коштоп барууга мүмкүнчүлүк алган (1805). Иркутск, Кяхта шаарында кыргыз, башкырт, тунгус, якуттардын тили, үрп-адаты менен таанышып, анын негизинде сөздүктөрдү түзгөн жана ал тилдерди классификациялап, моңгол, манжур тили боюнча лингвистикалык маалымат жыйнаган. Петербургга кайтып келгенде (1807) экстраординар академик деген наам ыйгарылып, Александр I ага 300 сомдук пенсия чектеген. Россия ИАнын тапшырмасы мененн Кавказда этнографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп (1808), анын негизинде жазган «Aзия адабияты, тарыхы жана сөздүгү боюнча архив» («Archiv fur asiatische Litteratur, Geschichte und Sprachkunde») деген эмгегин француз, немец тилдеринде жарыялаган. 1818-жылдан Парижде иштеп, кытай тилинен которууга кошумча түшүндүрмөлөр киргизген. Манжур хрестоматиясын түзгөндүгү үчүн азия тили жана адабияты боюнча профессор наамын алган. Кытай тилинин кээ бир өзгөчөлүктөрү (адамдардын ысымы, наам-титулдар) тууралуу Н. Я. Бичурин (Иакинф) менен талаш-тартыш жүргүзгөн. Г-Ю. Клаптроттун эмгектеринен кыргыздар жөнүндө да кеңири маалымат алууга болот.
Ад.: Веселовский Н. Клапрот Ю.-Г. //Русский биографический словарь (Ибак-Ключарев). СПб., 1897.
Э. Турганбаев.