«КЫРГЫЗСТАН МАДАНИЯТЫ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>«КЫРГЫЗСТАН МАДАНИЯТЫ»</b> – маданий мен&shy;чик басылма. Кырг-н Жазуучулар союзу м-н мурдагы Кыргыз ССР Мад-т министрлигинин органы катары 1967-ж. январда уюштурулуп, жумасына бир жолу чыгып келген. «К. м-на» ад-т таануу, адабий сын, драматургия, кино, му&shy;зыка, сүрөт, арх-ра, элдик көркөм чыг-лык, тил илими ж. б. тармактар б-ча макалалар, изил&shy;дөөлөр жарыяланган. О. эле коомдук турмуш, философия, социология, экономика, илим-тех&shy;никанын маанилүү маселелери да кеңири чагыл&shy;дырылган. Газета калкты идеялык, эстетика&shy;лык, ыймандык жактан тарбиялоого да көңүл бөлгөн. 1977-ж. «К. м-нын» нускасы 50 миң нуска болсо, 1988-ж. 60 миңге чейин жеткен. 1991-жылдан мезгил-мезгили м-н жарык көрүп турат.
<b type='title'>«КЫРГЫЗСТАН МАДАНИЯТЫ»</b> – маданий мен&shy;чик басылма. Кыргызстан Жазуучулар союзу менен мурдагы Кыргыз ССР Маданият министрлигинин органы катары 1967-жылы январда уюштурулуп, жумасына бир жолу чыгып келген. «Кыргызстан маданиятына» адабият таануу, адабий сын, драматургия, кино, му&shy;зыка, сүрөт, архитектура, элдик көркөм чыгармачылык, тил илими жана башка тармактар боюнча макалалар, изил&shy;дөөлөр жарыяланган. Ошондой эле коомдук турмуш, философия, социология, экономика, илим-тех&shy;никанын маанилүү маселелери да кеңири чагыл&shy;дырылган. Газета калкты идеялык, эстетика&shy;лык, ыймандык жактан тарбиялоого да көңүл бөлгөн. 1977-жылы «Кыргызстан маданиятынын» нускасы 50 миң нуска болсо, 1988-жылы 60 миңге чейин жеткен. 1991-жылдан мезгил-мезгили менен жарык көрүп турат.
[[Категория:4-том, 737-822 бб]]
[[Категория:4-том, 737-822 бб]]

10:30, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

«КЫРГЫЗСТАН МАДАНИЯТЫ» – маданий мен­чик басылма. Кыргызстан Жазуучулар союзу менен мурдагы Кыргыз ССР Маданият министрлигинин органы катары 1967-жылы январда уюштурулуп, жумасына бир жолу чыгып келген. «Кыргызстан маданиятына» адабият таануу, адабий сын, драматургия, кино, му­зыка, сүрөт, архитектура, элдик көркөм чыгармачылык, тил илими жана башка тармактар боюнча макалалар, изил­дөөлөр жарыяланган. Ошондой эле коомдук турмуш, философия, социология, экономика, илим-тех­никанын маанилүү маселелери да кеңири чагыл­дырылган. Газета калкты идеялык, эстетика­лык, ыймандык жактан тарбиялоого да көңүл бөлгөн. 1977-жылы «Кыргызстан маданиятынын» нускасы 50 миң нуска болсо, 1988-жылы 60 миңге чейин жеткен. 1991-жылдан мезгил-мезгили менен жарык көрүп турат.