КАЧЫБЕК Шераалы уулу: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (6 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЧЫБЕК</b> Шераалы уулу ( | <b type='title'>КАЧЫБЕК</b> '''Шераалы уулу''' (болжол менен 1800-жылдар, Ысык-Көл өрөөнү – 1861, август айы, ошол эле жер) – 19-кылымдын башында ысык­көлдүк кыргыздардын атынан [[Россия]]га барган элчилердин (кара: [[Жакыпбек]] Ниязбек уулу) бири. 18-кылымдын баш ченинен [[Орто Азия]] аймагы [[Европа]]дан [[Кытай]]–[[Индия]]га кете турган өтө маанилүү стратегиялык жолдордун бирине айланган. Негизи мурун Омск–Кулжа (Омск–Семипалатинск–Көкбекти–Чугучак [Чөйчөк]–Кулжа) жолу 2711 чакырым болсо, 2376 чакырымды түзгөн Петропавловск-Копал (азыркы Талды-Коргон) жолу экономикалык жактан бир топ пайдалуу болгондуктан, кийинчерээк орус өкмөтү Түштүк-чыгыш [[Казакстан]] жана [[Кыргызстан]]дын түндүгү аркылуу Кытай-Индияга жетүү жолун караштыра башташкан. 1812-жылы күзүндө Семей (Семипалатинск) чебин текшерүү учурунда Сибирь линиясынын аскер башчысы генерал-лейтенант Г. И. Глазенап кыргыздар тууралуу кененирээк маалымат чогултуу жана алардын жери аркылуу [[Чыгыш Түркстан]]дын Аксу шаарына жаңы соода жолун ачуу үчүн кербен жөнөтүүгө жергиликтүү соодагерлерди (мисалы, татар көпөстөрү М. Ниязов, Н. Баязитов ж.б.) көндүргөн. Кербендин ичинде сибирдик чоң көпөс П. Пиленковдун жардамчысы Ф. Сейфуллин (айрым маалыматтарда Ногоев түрүндө кезигет) болгон. Бул Батыш Сибирдеги орус аскер бийлигинин өтө жашыруун тапшырмаларын аткарган жана ар дайым кербенчилерди коштоп (1814, 1821–1824, 1830–1848 ж.б. жылдар), тыңчылык иштерди жүргүзгөн. 1825-жылы [[Ысык-Көл]]гө келген Ф. К. [[Зибберштейн]]дин күндөлүгүндө казак тили аркылуу «Фозикей» түрүндө кезигет. 1813-жылдын август айында атайын буйрук менен Аксу шаарына бара турган кербен чогултула баштап, аны сотник И. Старков жетектеген куралчан 70 казак-орус аскери коштоп бара турган болгон. [[Файл:Imag.png|left|thumb]] | ||
312 миң сомго (рубль) товар жүктөгөн соода кербени 1813-жылы 7-сентябрда Семей чебинен чыгып, октябрь айынын аяк ченинде Шапак, Шераалы, Эшим ж. б. бийлер башында турган бугу урууларынын айлына келишкен. Кербен менен губерниялык катчы жана котормочу А. Л. [[Бубенов]] кошо жүргөн.Орус кербенин сый-урмат менен тосуп алышкандан кийин А. Л. Бубенов бугу уруусунун бийлерине Г. И. Глазенаптын аларга кайрылган катын тапшырган. Катта орус соодагерлерине жардам көрсөтүү, кайтарып, коштоп жүрүү сыяктуу өтүнүчтөр айтылган.Соода кербени кайра бир миллион сомдон ашык товары менен 1814-жылы 5-январда Семей чебине кайтып келген. Кербенди коштоп барган А. Л. Бубенов кайтарында бийлер Шералы менен Ниязбек орус бийлигине ак ниет кызмат кыла турганын билдирүү үчүн аны менен бирге өз өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. Алардын бири Шераалы уулу Качыбек болгон. Генерал-губернатор Г. И. Глазенап бугу уруусунун өкүлдөрүн Тобол чебинде кабыл алган.Качыбек менен Жакыпбек алардын жерлери аркылуу өткөн орус кербендерин коштоп жүрүүгө даяр экенин билдиришип, аны менен бирге өз элиинн атынан императордун өзүнө ант берүү үчүн Санкт-Петербургга жөнөтүүнү суранышкан.Бирок алардын өтүнүчү кабыл алынган эмес. Кайтарында Качыбек орус бийлиги менен кызматта­шууга даяр экенин билди­рип, капитан чини жана Анна тасмасындагы алтын медаль менен сыйланган. Качыбек Шераалы уулу 1854-жылы сен­тябрда [[Боромбай]] Меңмурат уулунун атынан кайрадан Омск шаарына барып, бугу уруусу Россия­нын курамына өтүүгө даяр экенин билдирген. 1855-жылы 17-январда ал [[Россия империясы]]нын ку­рамына киргенин ырастап, бугу кыргыздары­нын атынан ант берген. 1859-жылы январь айында Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. [[Гасфорт]] аны 1-даражадагы чепкен, алтын медаль жана «1853–1856-жылдардагы согуштардын эстелигине» деген алтын медаль менен сыйлап, орус аскеринин майор чинин берген жана аны бугу уруусунун ага-манабы кылып дайындаган. | |||
Ад.: Коншин Н. Каракиргизская депутация 1824 года //Памятная книжка Семипалатинской области на 1900 г. Семипалатинск, 1900; Хасанов А. Из­бранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004; Өмүрбеков Т. Улуу инсандардын Кыргызстан­дын тарыхындагы ролу жана орду (XIX кылымдын ортосу – XX кылымдын башы). Б., 2005. | |||
Ад.: | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
02:13, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КАЧЫБЕК Шераалы уулу (болжол менен 1800-жылдар, Ысык-Көл өрөөнү – 1861, август айы, ошол эле жер) – 19-кылымдын башында ысыккөлдүк кыргыздардын атынан Россияга барган элчилердин (кара: Жакыпбек Ниязбек уулу) бири. 18-кылымдын баш ченинен Орто Азия аймагы Европадан Кытай–Индияга кете турган өтө маанилүү стратегиялык жолдордун бирине айланган. Негизи мурун Омск–Кулжа (Омск–Семипалатинск–Көкбекти–Чугучак [Чөйчөк]–Кулжа) жолу 2711 чакырым болсо, 2376 чакырымды түзгөн Петропавловск-Копал (азыркы Талды-Коргон) жолу экономикалык жактан бир топ пайдалуу болгондуктан, кийинчерээк орус өкмөтү Түштүк-чыгыш Казакстан жана Кыргызстандын түндүгү аркылуу Кытай-Индияга жетүү жолун караштыра башташкан. 1812-жылы күзүндө Семей (Семипалатинск) чебин текшерүү учурунда Сибирь линиясынын аскер башчысы генерал-лейтенант Г. И. Глазенап кыргыздар тууралуу кененирээк маалымат чогултуу жана алардын жери аркылуу Чыгыш Түркстандын Аксу шаарына жаңы соода жолун ачуу үчүн кербен жөнөтүүгө жергиликтүү соодагерлерди (мисалы, татар көпөстөрү М. Ниязов, Н. Баязитов ж.б.) көндүргөн. Кербендин ичинде сибирдик чоң көпөс П. Пиленковдун жардамчысы Ф. Сейфуллин (айрым маалыматтарда Ногоев түрүндө кезигет) болгон. Бул Батыш Сибирдеги орус аскер бийлигинин өтө жашыруун тапшырмаларын аткарган жана ар дайым кербенчилерди коштоп (1814, 1821–1824, 1830–1848 ж.б. жылдар), тыңчылык иштерди жүргүзгөн. 1825-жылы Ысык-Көлгө келген Ф. К. Зибберштейндин күндөлүгүндө казак тили аркылуу «Фозикей» түрүндө кезигет. 1813-жылдын август айында атайын буйрук менен Аксу шаарына бара турган кербен чогултула баштап, аны сотник И. Старков жетектеген куралчан 70 казак-орус аскери коштоп бара турган болгон.

312 миң сомго (рубль) товар жүктөгөн соода кербени 1813-жылы 7-сентябрда Семей чебинен чыгып, октябрь айынын аяк ченинде Шапак, Шераалы, Эшим ж. б. бийлер башында турган бугу урууларынын айлына келишкен. Кербен менен губерниялык катчы жана котормочу А. Л. Бубенов кошо жүргөн.Орус кербенин сый-урмат менен тосуп алышкандан кийин А. Л. Бубенов бугу уруусунун бийлерине Г. И. Глазенаптын аларга кайрылган катын тапшырган. Катта орус соодагерлерине жардам көрсөтүү, кайтарып, коштоп жүрүү сыяктуу өтүнүчтөр айтылган.Соода кербени кайра бир миллион сомдон ашык товары менен 1814-жылы 5-январда Семей чебине кайтып келген. Кербенди коштоп барган А. Л. Бубенов кайтарында бийлер Шералы менен Ниязбек орус бийлигине ак ниет кызмат кыла турганын билдирүү үчүн аны менен бирге өз өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. Алардын бири Шераалы уулу Качыбек болгон. Генерал-губернатор Г. И. Глазенап бугу уруусунун өкүлдөрүн Тобол чебинде кабыл алган.Качыбек менен Жакыпбек алардын жерлери аркылуу өткөн орус кербендерин коштоп жүрүүгө даяр экенин билдиришип, аны менен бирге өз элиинн атынан императордун өзүнө ант берүү үчүн Санкт-Петербургга жөнөтүүнү суранышкан.Бирок алардын өтүнүчү кабыл алынган эмес. Кайтарында Качыбек орус бийлиги менен кызматташууга даяр экенин билдирип, капитан чини жана Анна тасмасындагы алтын медаль менен сыйланган. Качыбек Шераалы уулу 1854-жылы сентябрда Боромбай Меңмурат уулунун атынан кайрадан Омск шаарына барып, бугу уруусу Россиянын курамына өтүүгө даяр экенин билдирген. 1855-жылы 17-январда ал Россия империясынын курамына киргенин ырастап, бугу кыргыздарынын атынан ант берген. 1859-жылы январь айында Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорт аны 1-даражадагы чепкен, алтын медаль жана «1853–1856-жылдардагы согуштардын эстелигине» деген алтын медаль менен сыйлап, орус аскеринин майор чинин берген жана аны бугу уруусунун ага-манабы кылып дайындаган.
Ад.: Коншин Н. Каракиргизская депутация 1824 года //Памятная книжка Семипалатинской области на 1900 г. Семипалатинск, 1900; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004; Өмүрбеков Т. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX кылымдын ортосу – XX кылымдын башы). Б., 2005.