КЫЗЫЛЧА 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЫЗЫЛЧА</b> – катуу кармаган жугуштуу оору. Мында дене ысып, жөтөлүп, мурун бүтөт, үн каргылданат, көздүн, ооздун былжыр чели сез&shy;генип, денеге кызыл бүдүрлөр чыгат. Аны вирус козгойт. Оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө вирустар шилекей, какырык тамчылары м-н аба&shy;га тарап, соо адамга өтө тез жугат. Ооругандарда туруктуу <i>иммунитет</i> пайда болот. Көбүнчө 5 жашка чейинки балдар ооруйт. 3 айга чейин&shy;ки балдар демейде оорубайт, анткени ага бала кезинде ооруган эненин иммунитети берилет. Оору 4 мезгилге бөлүнөт: 1-мезгил организмдеги вирус оорунун белгисин пайда кылбаган жашыруун мезгили (6–8 күн), экинчи башталыш мезгили 3–4 күнгө созулат. Оору күчөгөндө, жарыкты карай албайт, бети шишимик тартып, какылдап жөтөлөт, кээде тамагы шишийт, ал жалган <i>круп</i> болушу мүмкүн. Бул мезгилде түпкү азуу тушундагы ууртунун былжыр челинде май&shy;да ак тактар (тегереги кызыл) пайда болот. Ал денеде бүдүр пайда болгонго 2 3 күн калганда чыгып, кайра 1–2 күндөн кийин жоголо баштайт; үчүнчү мезгилде кызыл бүдүрлөр чыгып, дене кайра ысып, абалы начарлайт, тамагы кызарат. Кызыл бүдүрлөр адегенде бетке, кулактын артына, чекеге чыгат, 2-күнү денени каптайт, 3-күнү буту-колго чыгат. 3 4 күндө алар чыгып бүтөт. Кол-бутка бүдүр чыга баштаган күнү беттеги тактар күрөң тартып, өңү өчө баштайт, б. а. төртүнчү мезгил башталат. Бул мез&shy;гилде жогортон төмөн карай бүдүрлөрдүн өңү өчүп, тери кургап, айрыкча алакан м-н таман какачтанып түлөйт, дене темп-расы төмөндөп, баланын абалы жакшырат. К. жеңил ж-а оор өтүшү мүмкүн. Жеңил түрү көбүнчө 4–5 айлык
<b type='title'>КЫЗЫЛЧА</b> – катуу кармаган жугуштуу оору. Мында дене ысып, жөтөлүп, мурун бүтөт, үн каргылданат, көздүн, ооздун былжыр чели сез&shy;генип, денеге кызыл бүдүрлөр чыгат. Аны вирус козгойт. Оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө вирустар шилекей, какырык тамчылары м-н аба&shy;га тарап, соо адамга өтө тез жугат. Ооругандарда туруктуу <i>иммунитет</i> пайда болот. Көбүнчө 5 жашка чейинки балдар ооруйт. 3 айга чейин&shy;ки балдар демейде оорубайт, анткени ага бала кезинде ооруган эненин иммунитети берилет. Оору 4 мезгилге бөлүнөт: 1-мезгил организмдеги вирус оорунун белгисин пайда кылбаган жашыруун мезгили (6–8 күн), экинчи башталыш мезгили 3–4 күнгө созулат. Оору күчөгөндө, жарыкты карай албайт, бети шишимик тартып, какылдап жөтөлөт, кээде тамагы шишийт, ал жалган <i>круп</i> болушу мүмкүн. Бул мезгилде түпкү азуу тушундагы ууртунун былжыр челинде май&shy;да ак тактар (тегереги кызыл) пайда болот. Ал денеде бүдүр пайда болгонго 2-3 күн калганда чыгып, кайра 1–2 күндөн кийин жоголо баштайт; үчүнчү мезгилде кызыл бүдүрлөр чыгып, дене кайра ысып, абалы начарлайт, тамагы кызарат. Кызыл бүдүрлөр адегенде бетке, кулактын артына, чекеге чыгат, 2-күнү денени каптайт, 3-күнү буту-колго чыгат. 3 - 4 күндө алар чыгып бүтөт. Кол-бутка бүдүр чыга баштаган күнү беттеги тактар күрөң тартып, өңү өчө баштайт, башкача  айтканда төртүнчү мезгил башталат. Бул мез&shy;гилде жогортон төмөн карай бүдүрлөрдүн өңү өчүп, тери кургап, айрыкча алакан м-н таман какачтанып түлөйт, дене температурасы төмөндөп, баланын абалы жакшырат. Кызылча жеңил ж-а оор өтүшү мүмкүн. Жеңил түрү көбүнчө 4–5 айлык балада да болот, 6 айдан өткөн балада оор түрү байкалат. Кызылчанын кабылдоосу өтө коркунуч&shy;туу, андан өпкө, ортонку кулак сезгенет, тамак шишийт, ичегилер бузулат. Дарылоодо жеке тазалык, <i>диета,</i> оорулууну   туура багуу чоң мааниге ээ. Оорулуу жаткан бөлмөнү жакшы желдетүү, терезени дайым ачып туруу керек. Жарыкты карай албай калганда, бөлмөнү караңгылантпай эле оорулууну жарыкты каратпай жаткыруу керек. Терини сүртүп тазалап, оозду чайкап, суюктукту бат-бат ичирүү сунуш кылынат. Кызылчага каршы эмдөө анын алдын алууда мааниси чоң.
балада да болот, 6 айдан өткөн балада оор түрү байкалат. К-нын кабылдоосу өтө коркунуч&shy;туу, андан өпкө, ортонку кулак сезгенет, тамак шишийт, ичегилер бузулат. Дарылоодо жеке та залык, <i>диета,</i> оорулууну багуу чоң мааниге ээ. Оорулуу жаткан бөлмөнү жакшы желдетүү, терезени дайым ачып туруу керек. Жарыкты карай албай калганда, бөлмөнү караңгылабай эле оорулууну жарыкты каратпай жаткыруу керек. Терини сүртүп тазалап, оозду чайкап, суюктукту бат-бат ичирүү сунуш кылынат. К-га каршы эмдөө анын алдын алууда мааниси чоң.
[[Категория:4-том, 657-736 бб]]
[[Категория:4-том, 657-736 бб]]

09:09, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЫЗЫЛЧА – катуу кармаган жугуштуу оору. Мында дене ысып, жөтөлүп, мурун бүтөт, үн каргылданат, көздүн, ооздун былжыр чели сез­генип, денеге кызыл бүдүрлөр чыгат. Аны вирус козгойт. Оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө вирустар шилекей, какырык тамчылары м-н аба­га тарап, соо адамга өтө тез жугат. Ооругандарда туруктуу иммунитет пайда болот. Көбүнчө 5 жашка чейинки балдар ооруйт. 3 айга чейин­ки балдар демейде оорубайт, анткени ага бала кезинде ооруган эненин иммунитети берилет. Оору 4 мезгилге бөлүнөт: 1-мезгил организмдеги вирус оорунун белгисин пайда кылбаган жашыруун мезгили (6–8 күн), экинчи башталыш мезгили 3–4 күнгө созулат. Оору күчөгөндө, жарыкты карай албайт, бети шишимик тартып, какылдап жөтөлөт, кээде тамагы шишийт, ал жалган круп болушу мүмкүн. Бул мезгилде түпкү азуу тушундагы ууртунун былжыр челинде май­да ак тактар (тегереги кызыл) пайда болот. Ал денеде бүдүр пайда болгонго 2-3 күн калганда чыгып, кайра 1–2 күндөн кийин жоголо баштайт; үчүнчү мезгилде кызыл бүдүрлөр чыгып, дене кайра ысып, абалы начарлайт, тамагы кызарат. Кызыл бүдүрлөр адегенде бетке, кулактын артына, чекеге чыгат, 2-күнү денени каптайт, 3-күнү буту-колго чыгат. 3 - 4 күндө алар чыгып бүтөт. Кол-бутка бүдүр чыга баштаган күнү беттеги тактар күрөң тартып, өңү өчө баштайт, башкача айтканда төртүнчү мезгил башталат. Бул мез­гилде жогортон төмөн карай бүдүрлөрдүн өңү өчүп, тери кургап, айрыкча алакан м-н таман какачтанып түлөйт, дене температурасы төмөндөп, баланын абалы жакшырат. Кызылча жеңил ж-а оор өтүшү мүмкүн. Жеңил түрү көбүнчө 4–5 айлык балада да болот, 6 айдан өткөн балада оор түрү байкалат. Кызылчанын кабылдоосу өтө коркунуч­туу, андан өпкө, ортонку кулак сезгенет, тамак шишийт, ичегилер бузулат. Дарылоодо жеке тазалык, диета, оорулууну туура багуу чоң мааниге ээ. Оорулуу жаткан бөлмөнү жакшы желдетүү, терезени дайым ачып туруу керек. Жарыкты карай албай калганда, бөлмөнү караңгылантпай эле оорулууну жарыкты каратпай жаткыруу керек. Терини сүртүп тазалап, оозду чайкап, суюктукту бат-бат ичирүү сунуш кылынат. Кызылчага каршы эмдөө анын алдын алууда мааниси чоң.