КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАДЫШАЧЫЛЫК МЕЗ-ГИЛДЕГИ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК БӨЛҮНҮШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
4 сап: 4 сап:
<br type=PH info="КЫРГЫЗСТАНДЫН РОССИЯГА КАРАТЫЛЫШЫ 763"/>
<br type=PH info="КЫРГЫЗСТАНДЫН РОССИЯГА КАРАТЫЛЫШЫ 763"/>


 
[[File:КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАДЫШАЧЫЛЫК МЕЗ- ГИЛДЕГИ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК БӨЛҮНҮШҮ28.png | thumb | 1-Кокон ш-н алгандыгы үчүн берилген медаль.
[[File:КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАДЫШАЧЫЛЫК МЕЗ-ГИЛДЕГИ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК БӨЛҮНҮШҮ28.png | thumb | 1-Кокон ш-н алгандыгы үчүн берилген медаль.
2 - О. Азияны каратуу жүрү&shy;шүнө катышкандыгы үчүн берилген медаль.
2 - О. Азияны каратуу жүрү&shy;шүнө катышкандыгы үчүн берилген медаль.
3 - Кыргызстандын Россияга каратылышына карата чы&shy;гарылган медаль.]]
3 - Кыргызстандын Россияга каратылышына карата чы&shy;гарылган медаль.]]
15 сап: 14 сап:
<p align='right'><i type='author'>Ө. Осмонов.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Ө. Осмонов.</i></p>
[[Категория:4-том, 737-822 бб]]
[[Категория:4-том, 737-822 бб]]

18:35, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАДЫШАЧЫЛЫК МЕЗ-ГИЛДЕГИ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК БӨЛҮНҮШҮ – Россия империясынын курамындагы Кырг-ндын адм.-аймактык түзүлүшү; падыша өкмөтүнүн башкаруу системасы. Россия импе­риясы Кырг-нды толук каратып алып, өзүнүн башкаруу системасын киргизген. Алгачкылар­дан болуп орус бийлигин тааныган бугу уруусу 1862-ж. Батыш Сибирь генерал-губернаторлугу­на караштуу Семей обл-нун Ала-Тоо (Алатау,

1-Кокон ш-н алгандыгы үчүн берилген медаль. 2 - О. Азияны каратуу жүрү­шүнө катышкандыгы үчүн берилген медаль. 3 - Кыргызстандын Россияга каратылышына карата чы­гарылган медаль.

Алатав) округуна кабыл алынган. 1865-ж. фев­ралда Түркстан обл. түзүлүп, ага Ысык-Көл, Чүй, Талас, Кетмен-Төбө өрөөндөрү, кийинчерээк Борб. Теңир-Тоо караган. Түркстан обл-нун ал­гачкы аскер губернаторлугуна генерал М. Г. Чер­няев дайындалган. 1867-ж. 11-июлда падыша өкмөтүнүн «Жети-Суу (Семиречье) ж-а Сыр-Да­рыя облустарын башкаруу жөнүндөгү убакты­луу жобосу» м-н Түркстан генерал-губернатор­лугуна айланып, анын чегинде Сыр-Дарыя (бор­бору Ташкент) ж-а Жети-Суу (борбору Верный) обл. пайда болгон. Түн. Кырг-н Жети-Суу обл­на карап, Ысык-Көл ж-а Токмок уезддери уюшулган. Кокон хандыгы жоюлган соң (1876), анын аймагында Фергана (борбору Жаңы Мар­галаң), Самарканд (борбору Самарканд) обл­тары түзүлгөн. 1886-ж. 2-июнда «Түркстан ай­магын башкаруу жөнүндө жобо» күчүнө кирет да, Түркстан генерал-губернаторлугу Түркстан крайы аталып, анын карамагына Самарканд, Сыр-Дарыя, Фергана обл. кирген. Самарканд обл-на Хожент; Сыр-Дарыя обл-на Олуя-Ата; Фергана обл-на Кокон, Маргалаң, Анжиян, Наманган, Ош уезддери караган. Жети-Суу обл. 1891-ж. 25-марттагы «Талаа (Степной) облуста­рын башкаруу жөнүндө жобого» ылайык Талаа (Степной) генерал-губернаторлугуна, 1899-жыл­дан кайрадан Түркстан крайына кирген. Ысык- Көл ж-а Токмок уезддеринин ордуна Прже­вальск, Пишпек уезддери уюшулуп, борбору Омск ш. болгон. Облустар уезддерге, уезддер болуштуктарга (волость) бөлүнүп, аларга айыл­дар караган. Кырг-ндын калкы 73 болуштукка бөлүнүп, аларды 3 жылдык мөөнөткө шайлан­ган болуштар (айыл аксакалы) м-н старчындар башкарган. Кырг-нда башкаруу жарым-жарты­лай аскердик мүнөздө болгон. Облустарды ас­кер губернаторлору башкарып, анын карамагына буйрук берүү, чарбалык ж-а сот бөлүмдөрүнөн турган обл. башкарма иштеген. Уезддердин ба­шында уезддик начальниктер турган. Алардын көзөмөлү м-н жерг. манаптар, байлар болуш­тукка же старчындыкка шайланган. Болуштар падышалык чиновниктердин буйруктарынын аткарылышына, алык-салыктардын өз убагында жыйналышына көзөмөлдүк кылган. Старчын­дар болуштарга баш ийип, алардын көрсөт­мөлөрүн аткарган. Жерг. бийликти жүргүзүүгө айыл аксакалдары, бийлер, казылар катышкан.

Ө. Осмонов.