КЭШ-ДИСК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЭШ-ДИСК (англ. cashe disk) – тез-тез окулуучу берилиштер үчүн бөлүнгөн RAM (RAM – англ. Randon Access Memory – эркин иштөө мүмкүн­чүлүгү бар эс) эсинин бөлүгү. Борб. процессор дисктен берилиштерди сураганда, К. д-тин про­граммалык жабдыгы берилиштерди адегенде эстин К.-д. бөлүгүнөн издейт. Эгерде иштетүүгө керек берилиштер К.-д-те жатса, алар түз эле борб. процессорго берилип, жай аракеттенген катуу дисктен берилиштер изделбей калат. К.-д-тин эсинин көлөмү андан жаңы берилиш­тер окулган сайын өзгөртүлүп турат. К.-д-тин программалык жабдыгы дискке жазуу аракетин натыйжалуу аткарат, мында борб. процессор бош эмес болсо, жазылуучу берилиштерди убак­тылуу кармап туруу мүмкүнчүлүгү бар.