КЫТАЙДАГЫ «МАДАНИЙ РЕВОЛЮЦИЯ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЫТАЙДАГЫ «МАДАНИЙ РЕВОЛЮЦИЯ» – 1966–69-ж. интеллигенцияга каршы Кытайда өткөрүлгөн саясий компания; Мао Цзэ-дундун демилгеси м-н жүргүзүлгөн массалык кыймыл. 50-ж-дын аягында Кытай жетекчилигинде улуу державалык, улутчулдук маанай өкүм сүрүп, Мао Цзе-дундун тобу авантюристтик (гегемони­ялыкка умтулуу, антисоветтик багытта) «чоң секирик» саясатын жарыялаган. Бул саясатты турмушка ашыруу аракеттери Кытайдын эл чар­басын кризиске учуратып, экономикасын начар­латкан. Маочулардын ички ж-а тышкы аван­тюристтик саясаты өлкөдө, ККПнин жооптуу кызматкерлеринин арасында нааразылык туу­дуруп, Лю Шаоци ж-а Дэн Сяопин баш болгон оппозиция күч ала баштаган. Оппозицияны жок кылуу ж-а элди баш ийдирүү үчүн маочулар 60- жылдардын 2-жарымында «маданий револю­ция» уюштурган. Анын жүрүшүндө мад-т эсте­ликтери жок кылынып, маданий нигилизм, антиинтеллектуализм жайылтылды, интелли­генция куугунтукталды. Маочулар армияга ж-а жаштардын алданган бөлүгүнө таянып, парт. ж-а мамл. белгилүү ишмерлерди жетекчилик­тен четтетип, ККПнин көп мүчөлөрүн жазалаш­кан. Саясатта жүргүзгөн иштери үчүн Лю Шао­ци м-н Дэн Сяопин «буржуазиялык реакционер­лер» деп күнөөлөнүшкөн. Алардын ордуна кел­ген жаңы кадрларды Мао Цзе-дундун идеяла­рын коргоого үйрөтүшкөн. Кытай эмес элдердин өкүлдөрүн кысымга алуу ж-а аларды ассимиля­циялаштыруу күчөгөн. Совет-кытай чек арасын бузууну көздөгөн маочулар антисоветтик ушак­ты кеңири таратып, 1969-ж. куралдуу кагылы­шуу чыгарганга чейин барган. Мао Цзэ-дун өл­гөндөн кийин К. «м. р.» расмий сынга алынган.