КЫРК-КЕЧҮҮ КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЫРК-КЕЧҮҮ КАПЧЫГАЙЫ , К ы р к - К е ч и к к а п ч ы г а й ы Алай кырка тоосунун түн. капталында; Кара-Суу р-нунун аймагында. Кырк-Кечүү суусу (Ак-Бууранын оң куймасы) аккан багытта түштүктөн түндүккө карай 40 км­ге созулат. Таманынын жазы жери 3–3,5 км, кууш жери 300–500 м, жапыз жери 1250– 1260 м, бийик жери 2700–2800 м бийикте. Кап­чыгай суу эрозиясынан ж-а үбөлөнүү процесси­нен пайда болгон. Девон м-н карбондун кум­дук, акиташ, алевролит, конгломерат ж. б. тоо тектеринен турат. Капчыгайдын төрү тепши сымал келип, байыркы мөңгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары кездешет. Ортоңку бөлүгү кууш, айрым жерлери тик; ан­тецеденттик капчыгай. Төмөнкү бөлүгү кеңе­йип, бир нече тектирди пайда кылат да, Ак- Буура суусунун өрөөнүнө өтөт. Ландшафтында талаа (2200 м бийикке чейин), арча токойлору ж-а бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2200– 2800 м) басымдуу. Таманында бадалдуу токой­лор кездешет. Капчыгай аркылуу жайкы жа­йытка мал айдалат.