«КЫРГЫЗШАМПАНЫ»: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
«КЫРГЫЗШАМПАНЫ» , Ш а м п а н-ш а р а п к о м б и н а т ы– жоопкерчилиги чектелген коом (2007), ишкана. 1948-ж. негизделген. Совет мезгилинде 6 аталыштагы шампан, 30 аталыштагы жүзүм шарабы, коньяк спирти, мөмөжемиш ж-а жүзүм шарап материалдары чыгарылган. 1970-жылдан ачыткыч акратофордо даярдоо ыкмасы м-н даярдалган. 1980-жылдары жылына орто эсеп м-н 6 млн бөтөлкө «Советское шампанское» өндүрүлгөн, ал эми 1992- жылдан 5 млн, 2004-жылдан 197 710 бөтөлкө чыгарылган. Шампан ж-а жүзүм шараптары СССРдин Бүткүл союздук эл чарба көргөзмөсүнүн жа эл аралык конкурстардын 51 алтын, күмүш ж-а коло медалдарына татыктуу болгон, а. и. «Советское шампанское» (Будапешт, 1958), «Мускат фиолетовый» (Будапешт, 1960; София, 1966), «Киргизстан» (Ялта», 1970) продукцияларына алтын медаль ыйгарылган. 2007-ж. «Шампаншарапкомбинаты» ж-а «Кантвино» комбинаттары биригип, «Шампаншарапкомбинаты» Бишкек ш-нын борборунан Новопокровка кыш-на, шарап з-дунун аймагына көчүрүлгөн. Компаниянын өндүрүшү реконструкцияланып ж-а модернизацияланып, анда алдынкы техника м-н жабдылган цехтер курулууда. Комбинат өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү ж-а жаңы багыттарды өздөштүрүү, региондук рыноктордо өңүтүн чыңдоо, ассортиментин кеңейтүүнүн үстүндө иш жүргүзүүдө.