«КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ» АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
«КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ» АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУ – эл ж-а шаар аралык электр байланышын (телефон аркылуу) уюштурган Кырг-ндагы ири телекоммуникация компаниясы. Анын негизги максаты респ-нын ар бир кардарынын бүткүл дүйнө м-н баарлашуусун түзүү. Анда 77,84% мамлекеттин, 12,51% социалдык фонддун ж-а 9,65% жеке-юрид. жактын үлүшү бар. Кызматтары: жерг., шаар ж-а эл аралык телефон байланышын түзүү; телеграф байланышы, радио ж-а теле берүү, радиофикация; автоматтык телефон байланышынын кошумча кызматтарын кардарларга көрсөтүү; маалымат кызматтары; маалыматты жеткизүү ж-а интернет (интернет почтасы); интеллектуалдык түйүн байланышынын кызматтарын көрсөтүү ж. б. Ага Бишкек шаардык телефон байланышы; Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен обл. филиалдар; респ-лык радиорелейдик магистралдар өндүрүшү (теле ж-а радио берүүлөр үчүн); балдарга билим берүү ж-а тарбиялоо борбору кирет. Учурда компания телекоммуникациялык байланыштарды жаңылоо дол-

«Кыргызтелекомдун башкы имараты». боорлорунун үстүндө иш жүргүзүүдө (цифралык, спутник тех. колдонуу аркылуу жүргүзүлгөн байланыш ж. б.).
Э. Үсөнов.