КЫРГЫЗСТАН ЖУРНАЛИСТТЕР СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗСТАН ЖУРНАЛИСТТЕР СОЮЗУ – ыктыярдуу коомдук чыгармачыл уюм. 1959-ж. негизделген. Басма сөз, телекөрсөтүү, радиоуктурууга, журналист кадрларды даярдоо ж-а тарбиялоодогу алдынкы тажрыйбаларды жыйынтыктоо, о. эле жайылтуу максатын көздөйт. 13
чыгармачыл секция ж-а комиссия иштейт. К. ж. с-нун Ош, Ысык-Көл, Нарын обл-нда, респ-нын борборунда бөлүмдөрү иштеп, кийин алар Жалал-Абад, Баткен обл-нда түзүлгөн союз башкармалыгынын алдындагы чыгармачыл фотостудия уюштурулган (1967). ММКларда эмгектенип жатышкан журналисттердин чыг-лык жигердүүлүгүн, коомдо ойногон ролун күчөтүү максатында К. ж. с. респ. газета-журналдардын редакциялары ж-а Телекөрсөтүү, радиоуктуруу мамл. к-ти м-н бирдикте ар кандай багыттагы конкурстарды өткөрүп келген. Учурда К. ж. с-нан башка Кыргызстан журналисттеринин профсоюзу, «Медиа өкүлчүлүк институту» сыяктуу өз алдынча аталган уюмдар түзүлгөн.
Төрагалары: Т. Суванбердиев (1958–66), А. Токомбаев (1966–71), А. Абакиров (1971–76),
Ж. Турсунов (1976–86), Т. Ишемкулов (1986–93),
А. Султанбаев (1993-жылдан).