КЫРГЫЗСТАНДЫК 385-АТКЫЧТАР ДИВИЗИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЫРГЫЗСТАНДЫК 385-АТКЫЧТАР ДИВИЗИЯСЫУлуу Ата Мекендик согуштун ал­гачкы учурунда Фрунзе ш-нда куралган аскер­дик күч. Дивизиянын карамагына 1266-, 1268-, 1270-аткычтар полку, 948-артиллериялык полк, 672-зениттик айрым артиллериялык дивизион, мотоаткычтардын 447-чалгындоо ротасы, 836- байланыш, 665-сапёрлордун айрым батальону, 463-аткычтардын айрым взводу, 500-айрым ав­торота ж-а 470-медсанбат кирген. Туңгуч коман­дири – полковник И. М. Савин, аскер комисса­ры Д. Т. Нестерук, штаб начальниги В. Н. Кораб­лёв болгон. Дивизия түзүлгөндөн кийин Моск­ва ш-н коргоого катышкан ж-а күжүрмөндүүлүк м-н душманды СССР, Польшадан кууп чыгып, Эльба д-на чейин жеткен. Согушта көрсөткөн каармандыгы үчүн дивизия Кызыл Жылдыз, Суворов ордендери м-н сыйланып, Киричев ш-н бошотууда «Киричев» дивизиясы деген ардак­туу наамга ээ болгон. Жогорку Башкы команда­чынын буйругу м-н 1945-ж. июнда таратылган.


Ад.: Деев В., Петренко Р. Простреленные кило­метры (докум. повесть). Ф., 1973.