«КЫРГЫЗСООДАМАШ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

«КЫРГЫЗСООДАМАШ» – жабык акционердик коом (1994). 1941-ж. Россиянын Курск обл-нан Кырг-нга эвакуацияланып келген Кант з-дунун оңдоо мастерскаяларынын базасында түзүлгөн. 1942-ж. бул мастерскаялар Ново-Троицк маши­на куруу з-ду болуп аталган. Анда кант, пиво кайнатуучу ж-а кондитердик ө. ж. тармактары үчүн технол. жабдуулар даярдалган. Ишкана­ны кеңейтүү ж-а реконструкциялоо б-ча Фрун­зеде «Кыргызөнөржайдолбоор» ин-ту 1958– 59-ж. түзгөн долбоордун негизинде 1975–80-ж. азыркы цехтер, коммуникациялар, периферия­лык-аймактык тосмолор курулган. «Жаңы ко­нуш» турак жай массиви, заводдун кызматкер­лери үчүн коттедждер, пионер лагери, бала бак­чалар ж. б. курулган. 1994-ж. Сокулуктагы «Соо­дамаш» з-ду банкрот катары жоюлуп, 1996-ж. «Кыргызсоодамаш» ЖАК уюшулган. Ишкана­нын курамында 7 цех, металл кескич, куюучу, жыгач иштетүүчү, ширетүүчү, жүк көтөргүч ста­ноктор ж-а машиналар м-н жабдылган участ­калар бар.