КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ЭКОНОМИСТИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ЭКОНОМИСТИ – ардак наам. 1991-ж. чейин Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1966-жылдын 22-августундагы ж-а 1970-жылдын 30-ноябрындагы жарлыктары м-н белгиленген. 1991-жылдан КР Президентинин жарлыгы м-н ыйгарылат. Орто же жогорку билими бар, адистиги б-ча кеминде 15 жыл иштеген ж-а коомдук өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда өзүнүн практикалык же ил. иши м-н өзгөчө айырмаланган, КРдин финансы, банк, статистика органдарынын, ишканаларынын, курулуштарынын, мекемелеринин, уюмдарынын жогорку квалификациялуу экономисттерине, бухгалтердик эсеп кызматкерлерине берилет.