КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУ – Кырг-ндын профессионал калемгерлеринин чыгармачыл уюму. 1927-ж. Кыргыз борб. педтехникумунда уюшулган чыг-чыл жаштардын «Кызыл учкун» адабий ийриминин негизинде 1930-ж. Пролетарлар жазуучуларынын кыргыз ассоциациясы катары түзүлүп, 1933-ж. Кырг-н Кеңеш жазуучулар союзу, 1934-ж. Кырг-н жазуучулар союзу деген аталыш м-н кайра уюштурулган. Буга ВКП(б) БКнын 1932-ж. «Адабий көркөм уюмдарды кайра уюштуруу жөнүндөгү» токтому себеп болгон. 2005-жылдан азыркы аталышында. Көркөмдүк деңгээли жогору, элдик философияга ишенимдүү негизделген, нускалык идеяларды камтыган, чыныгы тарыхый ж-а нукура эстетикалык асыл сапаттардан тайбаган чыгармаларды жаратууга өбөлгө түзүү, улуттук сөз өнөрүн өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруу, башка ад-ттын нарктуу баалуулуктарын элге жеткирүү ж. б. Жогорку башкаруу органы – съезд. Анда башкарма шайланат. Ал төраганы, секретариатты шайлайт, пленумду, съездди чакыра алат. Союзда поэзия, проза, драматургия, сын ж-а ад-т таануу, балдар ад-ты, көркөм котормо, орус тилинде жазгандардын ж. б. секциялары бар. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын обл-тарында бөлүмдөр иштейт. СССР адабий фондусунун кыргыз бөлүмү, көркөм ад-тты жайылтуу бюросу, «Арашан» чыгармачыл үйү союзга караштуу болгон. Убагында «Ала-Тоо», «Литературный Киргизстан» адабий-көркөм, коомдук-саясий журналдары, «Кыргызстан маданияты» гезити чыгып турган. Азыр союздун органы болгон «Кыргыз адабияты», жазуучулар м-н мад-т ишмерлеринин «Жаңы Ала-Тоо» журналы, «Адабий Ала- Тоо» гезити чыгат. Союздун 1-съезди 1934-ж., 13-съезди 2004-жылы өткөн. Союздун башкарма төрагалары (1-секретарлары): А. Токомбаев (1934–37); Т. Үмөталиев (1937–40); А. Токомбаев м-н К. Баялинов [алмак-салмак (1944– 54); А. Салиев (1954–60); Т. Абдумомунов (1969– 71); Т. Аскаров (1971–86), Ч. Айтматов (1986– 91); А. Жакшылыков (1991–95); Ж. Мавлянов (1995–96); Н. Алымбеков (1996–2004); Ж. Садыков (2004–06); А. Өмүрканов (2006–07); О. Султанов (2007–09); А. Алымбаев (Баяс Турал) (2009–11); 2011-жылдын апрель айынан Ч. Абыкеев.