КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЕЙЛӨӨ ЧӨЙРӨСҮНӨ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЕЙЛӨӨ ЧӨЙРӨСҮНӨ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕРИ – ардак наам. 1991-ж. чейин Кыргыз ССРи­нин тейлөө чөйрөсүнө эмг. сиң. кызматкери. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму­нун 1965-жылдын 27-августундагы ж-а 1970- жылдын 30-ноябрындагы указы м-н белгилен­ген. 1991-жылдан КР Президентинин жарлыгы м-н ыйгарылат. Респ-нын мамл. ж-а коопера­тивдик соода, коомдук тамактануу ишканала­рынын ж-а даярдоо, жабдуу уюмдарында, ИИИлеринде ж-а лабораторияларында, окуу жайы, соода ж-а керек-жарак кооперациясы ж. б. уюмдарда кеминде 15 жыл үзүрлүү эмгек­тенген жогорку ж-а атайын билимдүү кызмат­керлерге берилет.