КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИПЛОМАТИЯЛЫК ЭЛЧИЛИКТЕРИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИПЛОМАТИЯЛЫК ЭЛЧИЛИКТЕРИ – КРдин эл аралык мамилелерин жөнгө салуучу мекеме. 1991-ж. 26- декабрда СССР (к. Советтик Социалисттик Республикалар Союзу) Жогорку Советинде СССРдин таратылышы тууралуу Декларация кабыл алынгандан кийин (к. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) бир нече өлкө (мис., АКШ, Түркия) Кырг-нды өз алдынча мамлекет катары тааный турганын билдиришкен. Алгачкылардан болуп 1992-ж. 1-февралда АКШ, 28-мартта Түркия, көп узабай РФ, Кытай, Германия, Япония ж. б. мамлекеттердин элчиликтери ачылган. Кырг-н 1992-ж. 2-мартта БУУга (Башкы Ассамблеянын 46-сессиясы), андан кийин ЮНЕСКОго мүчөлүккө кабыл алынган. 2000-ж. чейин Кырг-нды дүйнөнүн 135 өлкөсү таанып, а. и. 96 өлкө м-н дипл. мамиле түзүлсө, 2000–12-ж. дүйнөнүн бардык мамлекети таанып, 116 өлкө м-н дипл. байланыш бар. Кырг-н Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк соода уюму, Дүйнөлүк банк, ЭВФ ж. б. уюмдарга мүчө.