«КӨР УУЛУ»: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
«КӨР УУЛУ» – О. Азия, Кавказ ж-а Ж. Чыгышка таралган фольклордук чыгарма. 16-к-дын 2-жарымында пайда болгон. Анын эки версиясы бар. Бири Батышка (армян, түрк, азербайжан, грузин версиясы), экинчиси Чыгышка (түркмөн, өзбек, казак, тажик версиясы) таралган. Батыш версиясы б-ча каарман – атасын сокур кылган зулумдан өч алуучу (Көр уулу деген ушундан калган) элдик баатыр ж-а төкмө ырчы. Мында окуя өзүнчө аңгеме түрүндө баяндалат. Аңгемелер лирикалык ж-а эпикалык ырлардан куралган кыстырмалар м-н айкалышта берилет. «К. у.» жарым-жартылай тарыхый, жарым-жартылай уламыш мүнөзүнө ээ. Тарыхыйлыгына 16–17-к-дагы документтер күбө (мис., армян тарыхчысы Аракел Тавризскийдин Стамбул китепканасындагы архив материалы). Түрк версиясы б-ча (Ж. Чыгышта) «К. у.» чакан повесть түрүндө калыптанган. Анын каарманы – жерг. феодал Болубийге каршы күрөшкөн качкын. О. Азия версияларынын Батыштыкынан айырмаланган белгилери баш каарман энесинен көрүстөндө туулган үчүн Көр уулу аталган, тектүү жерден чыккан адилет башчы болот; кырк чоросу м-н мекенин коргоп, коңшу феодалдарга каршы согушат. «К. у-нун» бардык версияларында каарман теңдик м-н бир туугандык өкүм сүргөн Шамлыбел деген ажайып өлкөдө жашаганы айтылат. О. Азия версиялары жомоктук, фантастикалык көрүнүштөргө бай. «К. у-нун» образы аркылуу элдин баатыр, калыс ж-а чынчыл падыша ж-дөгү идеалы берилген.