КӨРПӨ-ТОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨРПӨ-ТОО Ички Теңир-Тоодо. Ак-Сай өрөө­нүнүн түштүгүндө. Ат-Башы районунун аймагын­да. Какшаал тоо тизмегинин батышынан орун алып, меридиан багытында дого сымал 36 кмге созулат. Туурасы 18 км. Орт. бийикт. 4200 м, эң бийик жери 4552 м. Тоонун суу бөлгүчү Ак- Сай өрөөнүнүн таманынан 800–1000 мге көтөрү­лүп жатат. Кырында тоонун тектон. көтөрүшү­нө чейинки байыркы түздүктөрдүн калдыктары сакталган. Мөңгүнүн жалпы аянты 25 км2. Ба­тыш капталы жазыраак келип, Ак-Сай өрөө­нүнө жантайып түшөт. Чыгышы кыска, Корум­ду өрөөнүн карай тик. Ашуулары: Кичи (3630 м) ж-а Чоң (4020 м), Сары-Белес, Түз-Ашуу (3590 м) ж. б. Тоодон Ак-Сайдын оң куймалары агып түшөт. Карбон м-н девондун кумдук, сла­нец, кремний, конгломерат, акиташ тектеринен туруп, кеңдик багытындагы тектон. жаракалар м-н тилмеленген. 3900 м бийикке чейин субальп, альп шалбаасы, шалбаалуу талаа, субнивалдык суук чөл, андан жогору нивалдык-гляциалдык тилке ээлейт. Жайыт.