КӨП КЛЕТКАЛУУЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨП КЛЕТКАЛУУЛАР – денеси көп клеткадан ж-а клетка аралык заттан турган татаал түзү­лүштүү организмдер (жаныбарлар, өсүмдүктөр, козу карындар). К. к-дын мүнөздүү белгиси – денесин түзгөн клеткалардын түзүлүшү ж-а маа­ниси б-ча бирдей эместиги. Алар түзүлүшүнө, та­таалдыгына жараша бир бүтүн организмдеги ар түрдүү функцияларды аткаруучу ткандарды ж-а органдарды түзөт. Буларга, жеке өөрчүү – онтогенез (вегетациялык көбөйүүнү эске алба­ганда), бир клеткадан бөлүнүү (зигота, спора) мүнөздүү. Кээ бир колониялуу организмдердин түзүлүшүнүн эволюциянын жүрүшүндө татаал­данышынын (көп ядролуулук, колониялуулук) негизинде келип чыккан болушу мүмкүн.