КӨП ЖЫЛДЫК ӨСҮМДҮКТӨР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨП ЖЫЛДЫК ӨСҮМДҮКТӨР – эки жылдан
ашык жашаган дарак, бадал, о. эле чөп ж-а чала бадал өсүмдүктөр. Алар белгилүү жашка жеткенден баштап, көп жолу, көбүнчө жыл сайын (поликарп өсүмдүктөр) гүлдөп, мөмө берүүгө жөндөмдүү. Айрымдарынын жалбырагы бир нече жыл бою түшпөйт (дайыма жашыл өсүмдүктөр), кээ бириники жагымсыз шартта (кыш,
кургакчылык ж. б.) жалбырагын күбүйт. Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн жер үстүндөгү органдары кышкысын, кургакчылыкта куурап, жер астындагы бөлүгү – тамыр-сабагы, азык-тамыры, пияз түбү, тамыры ж. б. жашоосун улантат.