КӨӨЛҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨӨЛҮ — Борб. Теңир-Тоодогу суу, Сары-Жаз­дын оң куймасы. Ак-Суу районунун аймагында.
Уз. 51 км, аянты 844 км2. Тескей Ала-Тоонун түш. капталынан башталган Көл-Төр ж-а Көөлү кырка тоосунун түн. капталынан башталган Кара-Төр сууларынын кошулушунан түзүлөт.
Негизинен мөңгү (49%), кар (21%) ж-а булак (30%) сууларынан куралат. 16 куймасы бар.
Ирилери: Моло, Шаркыратма, Сары-Чат, Кара­кол-Төр, Ашуу-Төр, Кара-Төр, Борду-Төр, Орой- Суу, Чоң Киндик, Сары-Булак. Алабында жал­пы аянты 216,2 км2 келген 150 мөңгү бар. Жыл­дык орт. чыгымы 13,5 м3/сек. Эң көп чыгымы июль-августта, азы мартта байкалат. Май айын­да кире баштап, октябрда тартылат.