КӨМҮРДҮН ӨЗҮНӨН-ӨЗҮ КҮЙҮШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨМҮРДҮН ӨЗҮНӨН-ӨЗҮ КҮЙҮШҮ - көмур абадагы кычкылтек м-н өз ара аракетке кел­генде кычкылдануу процессинен келип чыккан кубулуш. Буга талкаланган, ураган көмургө же тазалоо жумуштарын жургузгөндө көмур масса­ларына белгилуу санда кычкылтектин арала­шып кетиши себеп болот. Бул - көп сандаган геол., тоо-тех. шарттарга байланыштуу татаал хим. процесс. Үбөлөнмө, жаракалуу көмурлөр жеңил тутанат. Шахтадагы абанын курамын, темп-расын алдын ала текшерип туруу иштери өзунөн-өзу тутануудан сактайт. Тутануу төмөнку эки себепке байланыштуу: I) өзунөн­өзу куйуугө жөндөмсуз көмурлөрдө, кычкылданган көмур м-н кычкылданбаган көмурдун куйуу темп-ра­сындагы айырмачылык 10°Сден ашпаса; 2) өзу­нөн-өзу куйуугө жөндөмдуу көмурлөрдө айырма­чылык 25-30°С жетсе. Шахтада өрт чыкпасын учун казылып алынган бош жерлерге тосмолор орнотулат. Тосмо суюк айнек, суюлтулган чопо, суюк аралашма толтурулуп шыбалат.