КӨЛМӨ-СУУ АМЕТИСТ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨЛМӨ-СУУ АМЕТИСТ КЕНИ Талас районунда, Талас ш-нан 32 км. 1980-ж. табылган. Аметист колбин интрузия массивиндеги тектон. жаракалар аймагы м-н байланышкан. Участканын 60% аянтын азыркы убактагы борпоң тектер ээлеп жатат. 100 мге созулган делювий тилкесинде аметисттин чачындысы жолугат. Аметист көгүш кызыл (көк) түстө, кристаллдарынын уз. 4-5 см. Зергердик буюмдарга жарай турган жогорку сапаттагы кристаллдары кездешет.