КӨК-СУУ (ЧЫГЫШ): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨК-СУУ (ЧЫГЫШ) – Алай районунун аймагы аркылуу аккан суу. Чыгыш Кызыл-Суунун алабына кирет. Алайкуу кырка тоосунан башталат. Уз. 80 км, алабынын аянты 976 км2. Жогорку агымында кууш өрөөн аркылуу агат. Өзөнү ичке келип, көптөгөн босоголор кезигет. Ортонку агымында өзөнү кеңейип барып, Кызыл-Сууга куят да, андан кийин чыгышты (Кытайды) карай агат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 14,7 м3/сек. Май айында кире баштап, октябрда тартылат. Боюнда Эркеч-Там кыш. орун алган.