КӨК-СУУ (БАТЫШ) ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨК-СУУ (БАТЫШ) ӨРӨӨНҮ Алай өрөөнүнүн батышында. Түндүгүнөн Алай кырка тоосу, түш­түгүнөн Текелик тоосу м-н чектешет. Чоң Алай районунун аймагында. Өрөөн кеңдик багытка жа­кын 60 кмге созулат; туурасы 4–5 км. Таманы­нын деңиз деңг. орт. бийикт. 2500–3300 м. Кур­чап жаткан тоолордун өрөөндүн таманынан са­лыштырмалуу бийикт. 1000–1200 м. Өрөөндүн башында тепши сымал төрлөр, мөңгү көп. Ор­тонку бөлүгү кууш, тоо капталдары кокту-ко­лоттуу. Аягы Текелик суусунун чатынан Алай өрөөнүнө чейин кеңийт. Мында өрөөндүн кап­талдары тик, жардуу. Таманы төртүнчүлүк мез­гилдин шагыл, кум, чополору м-н толгон. Тоо капталдары кеңдик багытта жаткан тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Климаты кескин континенттик; январдын орт. темп-расы –14°С, июлдуку 10°С. Жылдык жаан-чачыны 300 мм. Өрөөн аркылуу Көк-Суу ж-а анын куймалары (Текелик, Корумду, Бек-Ага, Кара-Казык, Чоң Кочкорчу, Кызыл-Айрык, Кочкорчу) агып чы­гат. Арча токойлуу шалбаалуу талаа, субальп ж-а альп талаасы, шалбаа ж-а нивалдык-гля­циалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт, эте­ги чабынды катары пайдаланылат. Өрөөндө Чак, Кочкорчу кыш. жайгашкан.