КӨК-ОЙ 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨК-ОЙ – Нарын обл-нун Жумгал районундагы кыштак. Көк-Ой айыл округуна караштуу. Жум­гал суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1740 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыш-нан 12 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 192 км. Кыштак 1925-ж. негизделген. Калкы 1738 (2007); негизинен мал асырайт. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мад-т үйү ж-а ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.