КӨК КАРГА СЫМАЛДАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨК КАРГА СЫМАЛДАР (Coraciiformes) – куштардын түркүмү. Бул түркүм бир кыйла айырмаланган топту камтыйт. Филогенез жагынан күкүк сымалдарга ж-а байкуш сымалдарга жакын. Куш жүнү катуу, ачык түстө, көпчүлүк учурда күмүштөй кулпунуп турат. Анын 49 уруусу, 194 түрү бар. Негизинен тропикте ж-а субтропикте жашайт; мелүүн кеңдикте чанда кездешет, келгин куш. КМШ өлкөлөрүндө 11 түрү бар, а. и. 6–8 түрү уялайт. К. к. с. көбүнчө сейрек дарактуу жерде, бир азы талаада, чөлдө жашайт. Моногамдар. Уяларын көңдөйгө, аска жаракаларына же ийинге салат; кээ бири колония түрүндө уялайт. Балапандарын ургаачы, эркеги экөө тең басып чыгарат. Балапаны жылаңач, көзү ачылбай чыгат, жай чоңоёт. Негизинен жаныбарлар м-н азыктанат.