КӨК-ЖАҢГАК КӨМҮР КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨК-ЖАҢГАК КӨМҮР КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Сузак районунда, Көк-Жаңгак ш-нын түш. тарабында, Фергана тоо тизмегинин батыш эте­гинде, Көгарт ж-а Чангет-Суу өрөөндөрүнүн ара­лыгындагы Серүүн-Дөбө тоосунда жайгашкан. Кен 19-к-дын аягынан бери белгилүү. 1896-ж. көмүр казып алына баштаган. Геол. издөө ж-а чалгындоо иштери 1928-жылдан 1986-ж. чейин мезгил-мезгили м-н жүргүзүлгөн. Кен Түн. ж-а Түш. аянтка бөлүнгөн. Көмүрлүү көк-жаңгак сви­тасында 13 кабат бар. Булардын ичинен «5», «6», «6+5», «Калың» кабаттары, Маркай участ­касында «5+6», «Калың», «Төмөнкү» кабатта­ры өнөр жайлык мааниге ээ. Кабаттардын ка­лыңдыгы 0,26 мден 15,37 мге чейин өзгөрөт. Сапаты б-ча узун жалындуу таш көмүр (Д) мар­касына кирет. Көмүрдүн күлдүүлүгү 12,44%тен 22,5%ке чейин, күйүү жылуулугу 27,1 МДж/кг­дан (6474 ккал/кг) 32,5 МДж/кгга (7764 ккал/кг) чейин өзгөрөт. 1997-жылга карата баланстагы запасы А+В+С1 категориясы б-ча 44 млн т.