КӨК БАЗИНДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨК БАЗИНДЕР (Gentianaclal) – өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классынын тукуму. Көпчүлүгү бир, көп жылдык чөп. Сабагы түз, тик жай­гашкан. Жалбырагынын жээги тегиз, сабакка тегеректешип же тушташ өсөт. Гүлү сабактын учунда же жалбырак колтугунда бирден же топ гүлдү пайда кылат, түсү ак, сары, көк, кызгылт­көк. Алар эки жыныстуу, туура түзүлүштүү, 4– 5 (6–12) мүчөлүү, үстүңкү энеликтүү. Мөмөсү – көп уруктуу кутуча. 70тен ашуун уруусунун түрү мелүүн ж-а субтропик зоналарын тоолуу аймак­тарында кездешет. Кырг-нда К. б-дин 5 урууга кирген 7 түрү бөксө ж-а өтө бийик тоо шалбаа­сында, нымдуу боздоңдо, сазда, булак, суу ж-а көл жээгинде өсөт. К. б-дин бардык түрүндө ачуу гликозиддер бар, ошондуктан дары-дармек жа­соодо кеңири колдонулат. Айрым түрү гүлзарда өстүрүлөт.