КӨЙКАП ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨЙКАП ӨРӨӨНҮ Борб. Теңир-Тоодо. Кайыңды ж-а Май-Баш тоолорунан Сары-Жаздын өрөөнүнө чейин чыгыштан батышка кеңдик б-ча 45 км аралыкка созулуп жатат. Ак-Суу районунда. Эң жазы жери 20 км, кууш жери 1–2 км. Аянты 532 км2. Орт. бийикт. 2930 м. Өрөөндүн таманы тепши сымал бир аз кеңейип, байыркы мөңгүлөрдүн издери сакталган эки айрыкка (түндүгүндө Теректи, түштүгүндө Май- Баш) бөлүнөт. Сары-Жаздан айрыкка чейинки бөлүгүнүн таманы 10 м, бийикт. 30–35 м келген шаңшаар (каньон). Нуктун сол жээгинде – тектиринин үстүндө чоң, орто, чакан айдоо аңыздары бар. Теректинин тектиринде палеоген неоген тектеринен тургузулган күмбөз турат. Негизинен интрузия ж-а палеозойдун аягында пайда болгон чөкмө тоо тектерден түзүлгөн. Өрөөндүн аянтынын 72,4 км2ин мөңгү ээлейт. Өсүмдүктөрү ж-а топурагы бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт. Таманын кургак талаа (2000 мге чейин), андан жогору токой (карагат, карагай, арча ж. б.), шалбаалуу талаа (2000–2700 м бийикте), субальп (2700–2900 м), альп (2900–3200 м) шалбаасы, гляциалдык-нивалдык (3100 мден жогору) ландшафт алкактары ээлейт. Негизинен кышкы жайыт катары пайдаланылат. Экол. абалы таза.