КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК (саясий) – бир өлкөнүн экинчи өлкөгө, социалдык ин-ттарга баш ийбестиги, өз алдынчалыгы, эгемендүүлүгү. К. коомдук саясат, бийлик, идеология, укук, мад-т, экономика, социалдык жактан эркин болууну камтыйт. К. абс. эмес, салыштырмалуу түшүнүк, демокр. (бүткүл элдик добуш берүү) же шайлоо аркылуу конституцияда бекитилет. К. ж-дөгү идея адегенде 15-к-да Батыш Европада пайда болуп, кийин ал мамл. ж-а эл аралык укуктук документтерде кеңири чагылдырылган. Анын эң башкысы 1966-ж. кабыл алынган жарандык ж-а саясий укуктар ж-дөгү эл аралык акт болуп саналат. Анда дүйнөдөгү ар бир улуттун эгемендүү укугу көрсөтүлүп, элдин өз эрки м-н социалдык ж-а саясий түзүлүштү тандап алуу укугу бекемделген. КРдин К. к-дыкка ээ болуу процесси 1990-ж. 15-декабрда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү» декларациясын кабыл алышы м-н Кырг-н жалпы союздук органдардын контролунан бошоп, бардык бийликти өз колуна алган (к. Кыргыз Республикасы). Т. Эсенгелдиев.