КӨЗДҮ АК БАСУУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨЗДҮ АК БАСУУ , л е й к о м а – көздүн тунук чел кабыгынын чеч басып бозорушу. Чеч тунук бездин ортосун, чет жагын басат, кээде бүт каптап калат. Ал чел кабыктын сезгенүү ооруларынан же кырсыктан жабыркашынан пайда болот. Тубаса түрү да кездешет. Көз күйгөндө одуракай чеч басып, көздүн көрүүсүн абдан начарлатат. Ал эми көз кырсыктан майып болсо ж-а жарага айланып кетсе, көздүн өң берүүчү катмары бул чеч м-н биригип, жабыркашы мүмкүн. Бул учурда көз көрбөй ж-а көздүн ички басымы жогорулап, глаукомага алып келет. Дарылоо хирург. жол м-н жүргүзүлөт. Алдын алуу үчүн күйүк, кокустатуу ж. б-дан көздүн майып болуусунан сактануу керек.