КӨБӨКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨБӨКОВ (Кабеков, Кобеков) Имаш Кудайбер­генович (20. 5. 1892, Пишпек уезди Константи­новка кыш. – 28. 2. 1928, Фрунзе) – Кырг-нда Совет бийлигин орнотуп, аны чыңдоонун ак­тивдүү катышуучусу. 1915-жылдары Чүй өнөр жай курулушунда иштеп, ал жерден А. И. Ивани­цын м-н таанышкандан кийин рев-ячыл ишмер­дигин баштаган. 1917-ж. май айында Х. Хаса­нов м-н бирге Кедей-кембагалдар союзун түзгөн. Кийин ал «Букара» союзу деп аталып, 1918-ж. октябрь айынан анын төрагасынын орун баса­ры болуп дайындалган. Эсерлер партиясынын мүчөсү (1918-ж. чейин), Жумушчу-дыйкандар советинин аткомунун мүчөсү (1918). Жумушчу­дыйкандар советинин Пишпек уезддик 1-съез­динин РКП(б)нин мусулмандар бюросунун уезд­дик к-тинен жалпы кыргыз съездине делегат (1919). 1920-жылдын январынан Пишпек уез­динин аскер комиссары, о. эле уезддин мамл., парт. органдарында иштеген.


Ад.: Семенков В. Большевик Имаш Кобеков //Ли­тературный Киргизстан. 1966, ¹ 2.