«КОШОЙ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

«КОШОЙ» – ачык акционердик коом (1992).
Кант кызылчасын өстүрүүнүн көбөйүшү м-н Ново-Троицк кант з-дун куруу долбоору 1936-ж. СССРдин Тамак-аш өнөр жайы к-ти та­рабынан каралган. 1943-ж. кант з-дунун куру­лушу бүткөрүлүп, кант кызылчасын кабыл алып, алгачкы кант чыгарылган. З-ддун баш­тапкы кубаттуулугу суткасына 15000 ц кант кы­зылчасын кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бол­гон. З-дду өндүрүш технологиясынын бардык та­лаптарына жооп берүүчү ж-а адам эмгегин же­ңилдетүүчү жабдуулар м-н жабдуунун натый­жасында ишкананын кубаттуулугу суткасына 32000 ц кызылчаны кайра иштетүүгө жетип, ал Кырайондагы эң ири кант з-дуна айланган. Иш­кана 1979-ж. бал камышты кайра иштетүүнү баштап, респ-да кызылча өстүрүү токтогондугу­на байланыштуу 1984-ж. толугу м-н бал камыш­ты кайра иштетүүгө өткөн. Ишкананын негиз­ги багыты – кумшекер өндүрүү. 1983-ж. алко­голсуз суусундук чыгаруучу цех курулуп, ишке киргизилген. 2000-жылдан тартып коом кайра­дан кант кызылчасынан кант ала баштаган. Ре­конструкциядан кийин кубаттуулугу суткасы­на 3000 т кызылчаны кайра иштетүүгө жеткен. Эл аралык «Кыргызстан-2004» көргөзмө-ярмар­касынын Алтын медалы м-н сыйланган.