КИЛЕМЧИЛИК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КИЛЕМЧИЛИК</b> – кыргыз элинин материалдык
<b type='title'>КИЛЕМЧИЛИК</b> кыргыз элинин материалдык маданиятын, асыресе кол өнөрчүлүгүн, ой-кыялы менен эстетикасын, турмуш-тиричилигин айкын ча&shy;гылдырган элдик өнөрдүн бир тармагы. Килемчилик түштүк жана түштүк-батыш аймактарда жашаган кыргыз урууларына мүнөздүү. Кыргыз элинде негизинен жүл (түктүү) жана арабы (түксүз) килем жасалат. Жүл килем эриш, түр, аркактан турат. Эриши кой менен эчки жүнүнөн жасалат. Ар кыл түстөгү жиптен салынган көчөттөр килемге түр берип турат. Аркак кадимки жүндөн, көбүнчө түрдөн, мурунку эриштердин калдыктарынан да ийрилет.
мад-тын, асыресе кол өнөрчүлүгүн, ой-кыялы м-н эстетикасын, турмуш-тиричилигин айкын ча&shy;гылдырган элдик өнөрдүн бир тармагы. К. түш. ж-а түш.-батыш аймактарда жашаган кыргыз урууларына мүнөздүү. Кыргыз элинде негизинен жүл (түктүү) ж-а арабы (түксүз) К. жасалат. Жүл К. эриш, түр, аркактан турат. Эриши кой м-н эчки жүнүнөн жасалат. Ар кыл түстөгү жиптен салынган көчөттөр К-ге түр берип турат. Аркак


[[File:КИЛЕМЧИЛИК42.png | thumb | none]]
[[File:КИЛЕМЧИЛИК42.png | thumb | none]]
кадимки жүндөн, көбүнчө түрдөн, мурунку эриш&shy;тердин калдыктарынан да ийрилет. Арабы К. жүл К-ге окшобой түксүз келип, аркагы болбойт, ошого байланыштуу түр да башкача салынат. Бул К. жеңил, бышык ж-а кооз болот. К-ге кой&shy;дун кылчык жүнү, эчкинин кылы, төөнүн жүнү пайдаланылат. Жүндү боёодо испарек, чүкүрү, ачык таш, ачык суу (сирке), селитра ж. б. зат&shy;тар пайдаланылат. К-ди токууда <i>күзүк, адыргы</i>, күзүк көтөргүч, <i>килем токмок, бычак, кайчы,</i> күйөө, салык жазгыч ж. б. аспаптар колдону&shy;лат. К-ди 4–5 аял токуп, чебери иштин жалпы
Арабы килем жүл килемге окшобой түксүз келип, аркагы болбойт, ошого байланыштуу түр да башкача салынат. Бул килем жеңил, бышык жана кооз болот. Килемге кой&shy;дун кылчык жүнү, эчкинин кылы, төөнүн жүнү пайдаланылат. Жүндү боёодо испарек, чүкүрү, ачык таш, ачык суу (сирке), селитра жана башка зат&shy;тар пайдаланылат. Килемди токууда <i>күзүк, адыргы</i>, күзүк көтөргүч, <i>килем токмок, бычак, кайчы,</i> күйөө, салык жазгыч жана башка аспаптар колдону&shy;лат. Килемди 4–5 аял токуп, чебери иштин жалпы жүрүшүнө, көбүнчө түр салууга көз салат. Эриш жип абдан чыйрак ийрилет да, эки каттап чый&shy;ратылып, башалмай (тоголок) боюнча сууга кай&shy;натылат. Суусу сарыккан соң, аралыгы 4–5 <i>м</i> болуп бекем кагылган эки казыкка бүт эришти жүгүртүп, так орто жерине жоон жыгачты са&shy;лып, катуу бурап-чыңдап бекитет. Ал кургагы&shy;ча турат. Анан бөлөк-бөлөк үшмөктөп (чүйкө&shy;лөп) алат. Килемди токууда эң биринчи жерди те&shy;гиздеп, килем курууга керектүү казыктарды туура жыгачтарды же темир түтүктөрдү орнотот. Килемди токууда адегенде «жүгүрүү» иши башталат, башкача айтканда эришти аштаманын баш жана аяк жыгачтарына өткөрүп, килемдин негизин түзөт. Андан кийин килемдин эриш жибин күзүктөп, күйөө жыгачка бөлүштүрүп байлап, күзүгүн көтөрүп, бир нече жолу аркак өткөрүп, башталышын бекемдеп, түр салууга өтөт. Килем согууда эң биринчи «жа&shy;пайы», «ала жип», «ала мончок», «кара-суу» деген жана башка түрлөр токулгандан кийин, «үч тиш», «ашкана көчөт», «өрөжө», «мүшкүл», «нампар», «теке мүйүз», «ит таман», «ара тиш», «жолборс таман», «ийрек», «жарты шак» сымал татаал көркөм көчөттөрү ирети менен берилет. Лейлек, Баткен жана Ноокатта жүл килемди токууда төрт тарабына кыркалекей саамал оюмун түшүрүшөт. Саамал көчөтү көбүнчө кызыл-кара түстө болот. Килемдин негизги көчөтү «кочкорек». Ал экиге бө&shy;лүнөт: «бүтө кочкорек» жана «сыңар кочкорек». Чыйратылган жиптин өңүнө жараша «күл&shy;көптө», «эчки туяк», «бет мубурчук», «туура мү&shy;йүз», «карагай бутак», «нампар көчөтү» жана башка көчөттөрдү келтиришет. Токуучулар көчөт түйүндөрүн чечүүдө эки жагына оң чыгарылга&shy;ны «эки жүздүү кайкалак», бир аз из болуп са&shy;йылса «сыңар кайкалак», түгөйлөштүрүлүп са&shy;йылса «кош кайкалак» деп айырмалашат. Уз&shy;дар килемди ар кандай чоңдукта (аянтта) токушат. Токулган килемдин эң чоңу ордо килем аталып, аянты 5x3,5 <i>м</i>ге жетет. Калы килем 3,5x2,5 <i>м</i> келип, көбүнчө керегеге, үйдүн дубалына тартууга ылайыкташтырылган. Төр килем аянттуу келип, жер&shy;ге гана төшөлүп, өтө бышык болот. Уздар төөнүн жүгүн жабууга ылайыктуу атайын килем токуш&shy;кан. Мындай чакан килем төө килем деп аталган. Кө&shy;чүп-конууда урунууга жайлоо килеми токулган.
жүрүшүнө, көбүнчө түр салууга көз салат. Эриш жип абдан чыйрак ийрилет да, эки каттап чый&shy;ратылып, башалмай (тоголок) б-ча сууга кай&shy;натылат. Суусу сарыккан соң, аралыгы 4–5 <i>м</i>
болуп бекем кагылган эки казыкка бүт эришти жүгүртүп, так орто жерине жоон жыгачты са&shy;лып, катуу бурап-чыңдап бекитет. Ал кургагы&shy;ча турат. Анан бөлөк-бөлөк үшмөктөп (чүйкө&shy;лөп) алат. К-ди токууда эң биринчи жерди те&shy;гиздеп, К. курууга керектүү казыктарды туура жыгачтарды же темир түтүктөрдү орнотот. К-ди токууда адегенде «жүгүрүү» иши башталат, б. а. эришти аштаманын баш ж-а аяк жыгачтарына
өткөрүп, К-дин негизин түзөт. Андан кийин
К-дин эриш жибин күзүктөп, күйөө жыгачка
бөлүштүрүп байлап, күзүгүн көтөрүп, бир нече жолу аркак өткөрүп, башталышын бекемдеп, түр салууга өтөт. К. согууда эң биринчи «жа&shy;пайы», «ала жип», «ала мончок», «кара-суу» деген ж. б. түрлөр токулгандан кийин, «үч тиш»,
«ашкана көчөт», «өрөжө», «мүшкүл», «нампар»,
«теке мүйүз», «ит таман», «ара тиш», «жолборс таман», «ийрек», «жарты шак» сымал татаал көркөм көчөттөрү ирети м-н берилет. Лейлек, Баткен ж-а Ноокатта жүл К-ди токууда төрт тарабына кыркалекей саамал оюмун түшүрүшөт. Саамал көчөтү көбүнчө кызыл-кара түстө болот. К-дин негизги көчөтү «кочкорек». Ал экиге бө&shy;лүнөт: «бүтө кочкорек» ж-а «сыңар кочкорек».
Чыйратылган жиптин өңүнө жараша «күл&shy;көптө», «эчки туяк», «бет мубурчук», «туура мү&shy;йүз», «карагай бутак», «нампар көчөтү» ж. б. көчөттөрдү келтиришет. Токуучулар көчөт түйүндөрүн чечүүдө эки жагына оң чыгарылга&shy;ны «эки жүздүү кайкалак», бир аз из болуп са&shy;йылса «сыңар кайкалак», түгөйлөштүрүлүп са&shy;йылса «кош кайкалак» деп айырмалашат. Уз&shy;дар К-ди ар кандай чоңдукта (аянтта) токушат. Токулган К-дин эң чоңу ордо К. аталып, аянты 5x3,5 <i>м</i>ге жетет. Калы К. 3,5x2,5 <i>м</i> келип, көбүнчө керегеге, үйдүн дубалына тартууга ыла&shy;йыкташтырылган. Төр К. аянттуу келип, жер&shy;ге гана төшөлүп, өтө бышык болот. Уздар төөнүн жүгүн жабууга ылайыктуу атайын К. токуш&shy;кан. Мындай чакан К. төө К. деп аталган. Кө&shy;чүп-конууда урунууга жайлоо К-и токулган.
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]

10:15, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КИЛЕМЧИЛИК – кыргыз элинин материалдык маданиятын, асыресе кол өнөрчүлүгүн, ой-кыялы менен эстетикасын, турмуш-тиричилигин айкын ча­гылдырган элдик өнөрдүн бир тармагы. Килемчилик түштүк жана түштүк-батыш аймактарда жашаган кыргыз урууларына мүнөздүү. Кыргыз элинде негизинен жүл (түктүү) жана арабы (түксүз) килем жасалат. Жүл килем эриш, түр, аркактан турат. Эриши кой менен эчки жүнүнөн жасалат. Ар кыл түстөгү жиптен салынган көчөттөр килемге түр берип турат. Аркак кадимки жүндөн, көбүнчө түрдөн, мурунку эриштердин калдыктарынан да ийрилет.

Арабы килем жүл килемге окшобой түксүз келип, аркагы болбойт, ошого байланыштуу түр да башкача салынат. Бул килем жеңил, бышык жана кооз болот. Килемге кой­дун кылчык жүнү, эчкинин кылы, төөнүн жүнү пайдаланылат. Жүндү боёодо испарек, чүкүрү, ачык таш, ачык суу (сирке), селитра жана башка зат­тар пайдаланылат. Килемди токууда күзүк, адыргы, күзүк көтөргүч, килем токмок, бычак, кайчы, күйөө, салык жазгыч жана башка аспаптар колдону­лат. Килемди 4–5 аял токуп, чебери иштин жалпы жүрүшүнө, көбүнчө түр салууга көз салат. Эриш жип абдан чыйрак ийрилет да, эки каттап чый­ратылып, башалмай (тоголок) боюнча сууга кай­натылат. Суусу сарыккан соң, аралыгы 4–5 м болуп бекем кагылган эки казыкка бүт эришти жүгүртүп, так орто жерине жоон жыгачты са­лып, катуу бурап-чыңдап бекитет. Ал кургагы­ча турат. Анан бөлөк-бөлөк үшмөктөп (чүйкө­лөп) алат. Килемди токууда эң биринчи жерди те­гиздеп, килем курууга керектүү казыктарды туура жыгачтарды же темир түтүктөрдү орнотот. Килемди токууда адегенде «жүгүрүү» иши башталат, башкача айтканда эришти аштаманын баш жана аяк жыгачтарына өткөрүп, килемдин негизин түзөт. Андан кийин килемдин эриш жибин күзүктөп, күйөө жыгачка бөлүштүрүп байлап, күзүгүн көтөрүп, бир нече жолу аркак өткөрүп, башталышын бекемдеп, түр салууга өтөт. Килем согууда эң биринчи «жа­пайы», «ала жип», «ала мончок», «кара-суу» деген жана башка түрлөр токулгандан кийин, «үч тиш», «ашкана көчөт», «өрөжө», «мүшкүл», «нампар», «теке мүйүз», «ит таман», «ара тиш», «жолборс таман», «ийрек», «жарты шак» сымал татаал көркөм көчөттөрү ирети менен берилет. Лейлек, Баткен жана Ноокатта жүл килемди токууда төрт тарабына кыркалекей саамал оюмун түшүрүшөт. Саамал көчөтү көбүнчө кызыл-кара түстө болот. Килемдин негизги көчөтү «кочкорек». Ал экиге бө­лүнөт: «бүтө кочкорек» жана «сыңар кочкорек». Чыйратылган жиптин өңүнө жараша «күл­көптө», «эчки туяк», «бет мубурчук», «туура мү­йүз», «карагай бутак», «нампар көчөтү» жана башка көчөттөрдү келтиришет. Токуучулар көчөт түйүндөрүн чечүүдө эки жагына оң чыгарылга­ны «эки жүздүү кайкалак», бир аз из болуп са­йылса «сыңар кайкалак», түгөйлөштүрүлүп са­йылса «кош кайкалак» деп айырмалашат. Уз­дар килемди ар кандай чоңдукта (аянтта) токушат. Токулган килемдин эң чоңу ордо килем аталып, аянты 5x3,5 мге жетет. Калы килем 3,5x2,5 м келип, көбүнчө керегеге, үйдүн дубалына тартууга ылайыкташтырылган. Төр килем аянттуу келип, жер­ге гана төшөлүп, өтө бышык болот. Уздар төөнүн жүгүн жабууга ылайыктуу атайын килем токуш­кан. Мындай чакан килем төө килем деп аталган. Кө­чүп-конууда урунууга жайлоо килеми токулган.