КУР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КУР</b> –бел байлоочу курчоолордун жалпы аты. | <b type='title'>КУР</b> –бел байлоочу курчоолордун жалпы аты. Кур булгаары, кайыш, кездеме жана сызмадан жасалат. Анын бир нече түрү бар. Таптык коом­до курду социалдык абалына, курагына жараша курчанышкан. Дөөлөттүү, мансаптуу адамдар к е м е р курду пайдаланышкан. Ал булгаарыдан жасалып, жазы тилинген бетине түрдүү темир чабылган. Тогоосу жазы келип, ичинен темир илгич менен курчалган. Түшүрүлгөн шөкөттөрдү сынпоздоо үчүн жамбы күмүш жалатылып, оймо-чийме менен кооздолгон. К е з д е м е кур жибек, шайы, чыт, сатин сыяктуу кездемеден 1,5–2 <i>м</i> узундукта жасалган. Мындай курду көбүнчө карылар курчанган. Төөнүн же койдун уяң жүнүнөн жана эчки тыбытынан согулган с о к м о курдун ар кыл түстүүсүн жана жол-жолу барын балдар, аппагын же көгүн (жашылын) чоң кишилер, карасын жана бозун карыялар, ал эми ж о о л у к курду балдар жана жигиттер, ка­йыш, сызма, жип курду букаралар курчанган. | ||
илгич менен курчалган. Түшүрүлгөн шөкөттөрдү сынпоздоо үчүн жамбы күмүш жалатылып, оймо-чийме менен кооздолгон. К е з д е м е | |||
чоң кишилер, карасын жана бозун карыялар, ал эми ж о о л у к | |||
[[Категория:4-том, 597-656 бб]] | [[Категория:4-том, 597-656 бб]] | ||
09:57, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУР –бел байлоочу курчоолордун жалпы аты. Кур булгаары, кайыш, кездеме жана сызмадан жасалат. Анын бир нече түрү бар. Таптык коомдо курду социалдык абалына, курагына жараша курчанышкан. Дөөлөттүү, мансаптуу адамдар к е м е р курду пайдаланышкан. Ал булгаарыдан жасалып, жазы тилинген бетине түрдүү темир чабылган. Тогоосу жазы келип, ичинен темир илгич менен курчалган. Түшүрүлгөн шөкөттөрдү сынпоздоо үчүн жамбы күмүш жалатылып, оймо-чийме менен кооздолгон. К е з д е м е кур жибек, шайы, чыт, сатин сыяктуу кездемеден 1,5–2 м узундукта жасалган. Мындай курду көбүнчө карылар курчанган. Төөнүн же койдун уяң жүнүнөн жана эчки тыбытынан согулган с о к м о курдун ар кыл түстүүсүн жана жол-жолу барын балдар, аппагын же көгүн (жашылын) чоң кишилер, карасын жана бозун карыялар, ал эми ж о о л у к курду балдар жана жигиттер, кайыш, сызма, жип курду букаралар курчанган.