КУЙРУЧУК Кудайберген Өмүрзак уулу: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КУЙРУЧУК</b> [өз аты-жөнү – К у д а й б е р г е н Өмүрзак уулу; 1866, Курманкожо-Кулжыгач (азыркы Нарын обл., Жумгал р-ну, Куйручук айылы) – 1940, ошол эле жер] – эл куудулу, ырчы.
<b type='title'>КУЙРУЧУК</b> [өз аты-жөнү – К у д а й б е р г е н Өмүрзак уулу; 1866, Курманкожо-Кулжыгач (азыркы Нарын облусу, Жумгал району, Куйручук айылы) – 1940, ошол эле жер] – эл куудулу, ырчы.


[[File:КУЙРУЧУК 13.png | thumb | none]]
[[File:КУЙРУЧУК 13.png | thumb | none]]
Атасы Өмүрзак көрүнгөн байга жалчы жүрүп оокат өткөргөн. Энесинен эрте ажыраган. 14 жашынан байлардын жумушун кылып, турмуштун оордугун көп тарткан. Ошон үчүн эзүүчүлөр менен жарды-жалчылардын ортосундагы тымызын каршылыкты, курч келишпестикти эртерээк ажыратып, коомдук мамилелерге сергек кароого үйрөнгөн. Ал өз чөйрөсүндөгү бай-манап, молдо, бий-болуштардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбастан ашкерелеген. Мис., «Жалаада» манап уялбай өз кылмышын кедей жигитке жабыш&shy;тырганын ашкерелеп, К. курч, өтүмдүү сөзү менен кедей жигитти манаптын жалаасынан кутка&shy;рып алат. «Бейиттеги үн», «Арбак» дегендей жоруктарында динчилерди жана аларга сокур жетелегендерди мыскылдайт. «Манасым барда кайда болсо кономдо» сараң кишилерди сынга алат. К. куудул гана эмес, төкмө акын да болгон (мис., атактуу Найманбай ырчы менен айтышы). Ал «Манас» жомогунун айрым бөлүгүн ж. б. дастандарды да айткан. Кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын көп бил&shy;ген, кепке уста, ашкан чечен адам болгон. К-тун куудул сөздөрү бизге толук жеткен жок. Анын таамай айтылган курч сөздөрү, күлкүлүү жоруктары эл ичинде алигүнчө ылакап катары айтылат. 27 жашка чыкканга чейин 18 жолу балбан күрөшкө түшкөнүн өзү эскерген («Кыр&shy;гызстан пионери», 1938, ¹ 54). Алган байгеле&shy;рин жарды-жармачтарга таратып берчү экен. Жазуучу К. Бектенов К-тун мурасын чогултуп, ал ж-дө китеп жазган.
Атасы Өмүрзак көрүнгөн байга жалчы жүрүп оокат өткөргөн. Энесинен эрте ажыраган. 14 жашынан байлардын жумушун кылып, турмуштун оордугун көп тарткан. Ошон үчүн эзүүчүлөр менен жарды-жалчылардын ортосундагы тымызын каршылыкты, курч келишпестикти эртерээк ажыратып, коомдук мамилелерге сергек кароого үйрөнгөн. Ал өз чөйрөсүндөгү бай-манап, молдо, бий-болуштардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбастан ашкерелеген. Мисалы, «Жалаада» манап уялбай өз кылмышын кедей жигитке жабыш&shy;тырганын ашкерелеп, Куйручук курч, өтүмдүү сөзү менен кедей жигитти манаптын жалаасынан кутка&shy;рып алат. «Бейиттеги үн», «Арбак» дегендей жоруктарында динчилерди жана аларга сокур жетелегендерди мыскылдайт. «Манасым барда кайда болсо кономдо» сараң кишилерди сынга алат. Куйручук куудул гана эмес, төкмө акын да болгон (мисалы, атактуу Найманбай ырчы менен айтышы). Ал «Манас» жомогунун айрым бөлүгүн жана башка дастандарды да айткан. Кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын көп бил&shy;ген, кепке уста, ашкан чечен адам болгон. Куйручуктун куудул сөздөрү бизге толук жеткен жок. Анын таамай айтылган курч сөздөрү, күлкүлүү жоруктары эл ичинде алигүнчө ылакап катары айтылат. 27 жашка чыкканга чейин 18 жолу балбан күрөшкө түшкөнүн өзү эскерген («Кыр&shy;гызстан пионери», 1938, ¹ 54). Алган байгеле&shy;рин жарды-жармачтарга таратып берчү экен. Жазуучу К. Бектенов Куйручуктун мурасын чогултуп, ал жөнүндө китеп жазган.
 


Ад.: <i>Бектенов К.</i> Куйручук. Ф., 1960; Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973. <i>ӨскөналыЭ.</i> Кудай сүйгөн Куйручук. Б. 2011.
Ад.: <i>Бектенов К.</i> Куйручук. Ф., 1960; Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973. <i>ӨскөналыЭ.</i> Кудай сүйгөн Куйручук. Б. 2011.
[[Категория:4-том, 597-656 бб]]
[[Категория:4-том, 597-656 бб]]

08:53, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУЙРУЧУК [өз аты-жөнү – К у д а й б е р г е н Өмүрзак уулу; 1866, Курманкожо-Кулжыгач (азыркы Нарын облусу, Жумгал району, Куйручук айылы) – 1940, ошол эле жер] – эл куудулу, ырчы.

Атасы Өмүрзак көрүнгөн байга жалчы жүрүп оокат өткөргөн. Энесинен эрте ажыраган. 14 жашынан байлардын жумушун кылып, турмуштун оордугун көп тарткан. Ошон үчүн эзүүчүлөр менен жарды-жалчылардын ортосундагы тымызын каршылыкты, курч келишпестикти эртерээк ажыратып, коомдук мамилелерге сергек кароого үйрөнгөн. Ал өз чөйрөсүндөгү бай-манап, молдо, бий-болуштардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбастан ашкерелеген. Мисалы, «Жалаада» манап уялбай өз кылмышын кедей жигитке жабыш­тырганын ашкерелеп, Куйручук курч, өтүмдүү сөзү менен кедей жигитти манаптын жалаасынан кутка­рып алат. «Бейиттеги үн», «Арбак» дегендей жоруктарында динчилерди жана аларга сокур жетелегендерди мыскылдайт. «Манасым барда кайда болсо кономдо» сараң кишилерди сынга алат. Куйручук куудул гана эмес, төкмө акын да болгон (мисалы, атактуу Найманбай ырчы менен айтышы). Ал «Манас» жомогунун айрым бөлүгүн жана башка дастандарды да айткан. Кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын көп бил­ген, кепке уста, ашкан чечен адам болгон. Куйручуктун куудул сөздөрү бизге толук жеткен жок. Анын таамай айтылган курч сөздөрү, күлкүлүү жоруктары эл ичинде алигүнчө ылакап катары айтылат. 27 жашка чыкканга чейин 18 жолу балбан күрөшкө түшкөнүн өзү эскерген («Кыр­гызстан пионери», 1938, ¹ 54). Алган байгеле­рин жарды-жармачтарга таратып берчү экен. Жазуучу К. Бектенов Куйручуктун мурасын чогултуп, ал жөнүндө китеп жазган.

Ад.: Бектенов К. Куйручук. Ф., 1960; Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973. ӨскөналыЭ. Кудай сүйгөн Куйручук. Б. 2011.