КОЧКОР ШААР КАЛДЫГЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЧКОР ШААР КАЛДЫГЫ – 10–12-к-дагы Караханиддер дооруна таандык шаар калдыгы. Каракол суусунун сол жээгинде жайгашкан. 1940-ж. А. Н. Бернштам изилдеген. Шаар Кочкор-Ата мазарынан 4 км алыс жайгашып, туурасы 400 м, уз. 870 м өлчөмүндөгү тик бурчтук аянтты ээлеп жаткан. К. ш. к-нан Караханиддер дооруна таандык жөнөкөй чопо ж-а сырдалган карапа идиштердин сыныктары табылган. Түш.-батыш урандысын бойлой Кырк-Чоронун күмбөзү деп аталган 18-к-га таандык эстеликтер орун алган. Соңку мезгилдеги изилдөөлөр К. ш. к. 10–12-к-да өкүм сүргөн Кочңар-Башы ш-нын орду экендиги Абу Саид Гардизинин «Зайн ал-ахбар» ж-а Махмуд Кашгаринин «Ди -