КОРТ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОРТ (анг. court, лат. cohors – тосулган жер) – теннис ойнолуучу, үстү тегиз чарчы аянтча. Анын үстүнө табигый (чөп, чопо-кум ж. б.) ж-а жасалма (асфальт, жыгач, пластик ж. б.) материалдар төшөлөт. Жеке разряд оюндары жүргүзүлүүчү аянтчанын өлчөмү 23,77x8,23 м. Аянтча чектөөчү сызыктар м-н тосулат. Ал жерден бийикт. 91,4 см (жогорку чеги) тор ж-а 107 см тирөөчтөр м-н жарымынан бөлүнөт. Торго жарыш 6,4 м аралыкта теннис тобун берүү сызыгы орун алат. Экөөнүн ортосундагы аралыкты бойлото кеткен сызык – топту өткөзүү талаасы болот. Жуптар оюн жүргүзүүчү К-тун туурасы 10,97 м, калган өлчөмдөрү жеке разряддагыдай. К-тун ички ж-а тышкы каптал сызыктарынын ортосунда коридор бар. Жуптардын оюнунда коридорго топ түшсө саналып, ал эми жеке разряд оюндарында аут деп эсептелинет. К-тун төшөлгөсү оюндун мүнөзүнө кескин таасир этет. Эл аралык теннис федерациясынын (ITF) атайын жумушчу тобу К. үстүн каптап жаткан төшөлгө б-ча изилдөө иштерин жүргүзүп келүүдө. К-тор «бат» (жука төшөлмө), «жай» (калың төшөлгө), ачык (ачык асман алдында) ж-а жабык (имарат ичинде) деп бөлүнөт. Жабык К-тун бийикт. 8 мден кем эмес болуш керек.