КОРСИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КО́РСИКА (Corse) – Жер Ортолук деңиздин түн.- батышындагы арал. Франциянын департамен­ти. Аянты 8,7 миң км2. Калкы 300 миңдей (2005). Адм. борбору – Аяччо шаары. Батыш жээги аскалуу, булуң-буйткалуу, чыгышы жа­пыз, түзөң. Рельефи тоолуу (эң бийик жери 2706 м, Мон-Сенто чокусу). Аралдын батыш

Корсика аралынын батыш жээги. бөлүгү гранит, чыгышы чополуу сланец текте­ринен түзүлгөн. Жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү. 600–700 мге чейин бадал өсүмдүктөрү, андан жогору эмен, бук, мырза карагайлуу то­кой өсөт. Жемиш бактары, жүзүм, зайтун дара­гы өстүрүлөт. Аралда Аяччо, Бастия ш. жай­гашкан.