КОРРЕЛЯЦИЯ 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОРРЕЛЯ́ЦИЯ (лат. correlation – өз ара-ка­тыш) – илим м-н техниканын түрдүү тармагын­да түшүнүктөр, предметтер ж-а функциялардын катышын, туура келүүчүлүгүн, көз каранды­лыгын белгилөөдө колдонулуучу термин. М а­т е м. с т а т и с т и к а д а – так функциялык мүнөзгө ээ эмес чоңдуктар (б. а. кокус чоңдук­тар) ортосундагы ыктымалдык (статистикалык) көз карандылык. К. функциялык көз каранды­лыктан айырмаланып, чоңдуктардын бири экинчисине гана көз каранды болбостон, бир катар кокус себепке да көз каранды учурда ка­ралат.