КОРПУСКУЛА-ТОЛКУН ЭКИЛТИКТҮҮЛҮГҮ (ДУАЛИЗМИ): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОРПУ́СКУЛА-ТОЛКУН ЭКИЛТИКТҮҮЛҮГҮ (ДУАЛИЗМИ)кванттык теориянын бир эле мезгилде корпускулалык (бөлүкчөлүк) ж-а тол­кундук касиетке ээ экендиги ж-дөгү түшүнүгү. Классикалык физика түшүнүгү б-ча бөлүкчөнүн кыймылы ж-а толкундун таралышы принцип­түү ар башка физ. процесстер болуп эсептелет. Бирок жарыктын аракети астында металлдан электрондордун бөлүнүп чыгышы (фотоэф­фект), электрондордон жарыктын чачырашы (комптон эффекти) ж-а ушул сыяктуу бир ка­тар тажрыйбалар жарыктын классикалык тео­риясына ылайык толкундук табиятка ээ жа­рык бөлүкчөлөрүнүн агымына (фотонго) окшош экендигин далилдеди. Фотон жарыктын жыш­тыгы ж-а толкун узундуктары м-н байланыш­кан энергияга 0 ж-а импульска p ээ: 0=ri v, р= h/A.

Экинчи жагынан кристаллга келип түшкөн элек­трондордун агымы толкун түшүнүктөрүнүн не­гизинде гана түшүндүрүлүүчү дифракциялык сүрөттөлүштү берет. Бул сүрөттөлүш эркин кый­мылдагы электронду толкун узундугу ж-а жыш­тыгы lv=h/р, v=E/ h катыштары м-н байланыш­кан де Бройль толкуну катары кароо м-н тү­шүндүрүлөт, мында p – электрондун импульсу, E – электрон энергиясы. Кийинчерээк бул кубу­луш бардык микробөлүкчөлөр үчүн мүнөздүү экендиги аныкталды. Анын табигый талкуула­нышы кванттык механикада түшүндүрүлөт.