КОРПОРАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОРПОРА́ЦИЯ (лат. corporatio – бирикме) – 1) бирикме, союз, коом; 2) кандайдыр бир жал­пы максатка жетүү– биргелешкен ишмердикти жүзөгө ашыруу ж-а өз алдынча укук субьектин – юридикалык жакты түзүү үчүн биригишкен жак­тардын тобу. К. жеке менчик– о. эле мамл. да болушу мүмкүн. Жеке менчик К-да акциялар­дын чоң бөлүгү бир ээлик кылуучуга– үй-бүлөгө же акционерлердин чакан тобуна таандык бо­лот. К. пайдага салык төлөйт; 3) өнүккөн өлкө­лөрдө үлүштүк менчикти– юрид. статусту ж-а жалданып иштөөчү адис башкаруучулардын (ме­неджерлердин) жогорку эшелонунун колуна башкаруу функциясын топтоону кароочу ишкер­дикти уюштуруунун кеңири тараган формасы.