КИБЕРНЕТИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИБЕРНЕ́ТИКА</b> (гр. kybern–tike – башкаруу | <b type='title'>КИБЕРНЕ́ТИКА</b> (гр. kybern–tike – башкаруу өнөрү) – татаал башкаруу системаларында маа­лымат алуунун, сактоонун, берүүнүн ж-а өзгөр­түүнүн жалпы закондору жөнүндөгү илим. Башка­руу системасы катары жалаң эле техникалык эмес, ар кандай биологиялык, административдик ж-а социалдык системалар да алынат. Өтө татаал башкаруу системалары­на тирүү организмдердин (адам организмин) нерв системалары, адам коомундагы башкаруу аппа­раты мисал боло алат. «Кибернетика» терминин 1-жолу (байыркы гректерден кийин) 1834-жылы француздук оку­муштуу Ампер адам коомун башкаруу жөнүндөгү илимдин классификациясын түзгөндө колдон­гон. Амперден кийин бул термин бат эле унуту­луп калган. Кийин илимге 1947-жылы Н. <i>Винер</i> киргизген. Ал теориялык (математикалык ж-а логикалык не­гизи ж-а философия маселелери), техникалык [башка­руу ж-а эсептөө түзүлүштөрүндө колдонулуучу тех. каражаттарды ойлоп табуу ж-а иштетүү (программалоо)], колдонмо (теориялык ж-а техникалык кибернетиканы өнөр жай, энергетика, транспорт, байланыш кыз­маттары ж. б. маселелерди чечүүдө колдонуу) болуп үч тармактан турат. Азыркы кибернетиканын өз алдынча илимий багыттарды элестеткен бир катар бөлүмдөрү бар. Кибернетиканын теориялык ядросун маалымат, алгоритмдер, автоматтар, операцияларды изилдөө, оптималдуу башкаруу, образдарды таа­нып-билүү теориялары түзөт. Кибернетика башкаруу сис­темаларын ж-а акыл эмгегин автоматташты­руу үчүн система түзүүнүн жалпы принципте­рин иштеп чыгат. Кибернетиканын маселелерин чечүү­чү негизги техникалык каражат – ЭЭМ. Ошондуктан кибернетиканын өз алдынча илим катары пайда болуусу 20-кылымдын 40-жылдарында мындай машиналар­ды түзүү, ал эми кибернетиканын теориялык ж-а практикалык өнүгүшү электрондук эсептегич техника прогрес­си м-н байланыштуу. Технологиялык процесстерди ав­томатташтыруу маселесин чечүүгө багытталган илимдерди камтыган кибернетика техникалык кибернетика деп аталат. Тех­нологияны башкаруу маселелери өндүрүштү уюштуруу ж-а экономикалык (пландаштыруу, керектүү материалдар м-н жабдуу, чыгарылган продук­цияны өткөрүү, финансы операцияларын жүр­гүзүү ж. б.) башкаруу маселелери м-н түздөн түз байланыштуу. Бул маселелерди экономикалык кибернетика чечет. | ||
өнөрү) – татаал башкаруу системаларында маа­лымат алуунун, сактоонун, берүүнүн ж-а өзгөр­түүнүн жалпы закондору | |||
кандай | |||
өнүгүшү электрондук эсептегич техника прогрес­си м-н байланыштуу. | |||
Ад.: <i>Винер Н.</i> Кибернетика и общество. М., 2003. | Ад.: <i>Винер Н.</i> Кибернетика и общество. М., 2003. | ||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
05:36, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИБЕРНЕ́ТИКА (гр. kybern–tike – башкаруу өнөрү) – татаал башкаруу системаларында маалымат алуунун, сактоонун, берүүнүн ж-а өзгөртүүнүн жалпы закондору жөнүндөгү илим. Башкаруу системасы катары жалаң эле техникалык эмес, ар кандай биологиялык, административдик ж-а социалдык системалар да алынат. Өтө татаал башкаруу системаларына тирүү организмдердин (адам организмин) нерв системалары, адам коомундагы башкаруу аппараты мисал боло алат. «Кибернетика» терминин 1-жолу (байыркы гректерден кийин) 1834-жылы француздук окумуштуу Ампер адам коомун башкаруу жөнүндөгү илимдин классификациясын түзгөндө колдонгон. Амперден кийин бул термин бат эле унутулуп калган. Кийин илимге 1947-жылы Н. Винер киргизген. Ал теориялык (математикалык ж-а логикалык негизи ж-а философия маселелери), техникалык [башкаруу ж-а эсептөө түзүлүштөрүндө колдонулуучу тех. каражаттарды ойлоп табуу ж-а иштетүү (программалоо)], колдонмо (теориялык ж-а техникалык кибернетиканы өнөр жай, энергетика, транспорт, байланыш кызматтары ж. б. маселелерди чечүүдө колдонуу) болуп үч тармактан турат. Азыркы кибернетиканын өз алдынча илимий багыттарды элестеткен бир катар бөлүмдөрү бар. Кибернетиканын теориялык ядросун маалымат, алгоритмдер, автоматтар, операцияларды изилдөө, оптималдуу башкаруу, образдарды таанып-билүү теориялары түзөт. Кибернетика башкаруу системаларын ж-а акыл эмгегин автоматташтыруу үчүн система түзүүнүн жалпы принциптерин иштеп чыгат. Кибернетиканын маселелерин чечүүчү негизги техникалык каражат – ЭЭМ. Ошондуктан кибернетиканын өз алдынча илим катары пайда болуусу 20-кылымдын 40-жылдарында мындай машиналарды түзүү, ал эми кибернетиканын теориялык ж-а практикалык өнүгүшү электрондук эсептегич техника прогресси м-н байланыштуу. Технологиялык процесстерди автоматташтыруу маселесин чечүүгө багытталган илимдерди камтыган кибернетика техникалык кибернетика деп аталат. Технологияны башкаруу маселелери өндүрүштү уюштуруу ж-а экономикалык (пландаштыруу, керектүү материалдар м-н жабдуу, чыгарылган продукцияны өткөрүү, финансы операцияларын жүргүзүү ж. б.) башкаруу маселелери м-н түздөн түз байланыштуу. Бул маселелерди экономикалык кибернетика чечет.
Ад.: Винер Н. Кибернетика и общество. М., 2003.